"Манас" аэропортунун жаңы жетекчиси Мирлан Бегалиев кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кудасы" деген маалыматты аталган мекеме ырастаган да, төгүндөгөн да жок. Аэропорттун басма сөз кызматынын билдиришинче, аталган маселе боюнча комментарий берилбейт.
Буга чейин "Манас" аэропортуна жетекчинин милдетин аткаруучу болуп келген Мирлан Бегалиев кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кудасы экени тууралуу маалымат тараган. Айрым маалыматтарда Бегалиевдин уулу Көлбаевдин кызына үйлөнгөнү айтылууда.
3-декабрда "Манас" эл аралык аэропортунун жетекчиси Эмир Чукуев өз арызы менен кызматынан кетип, ордуна Абдималик Бусурманкулов милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Көп өтпөй Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду бул дайындоону жокко чыгарып, Бусурманкуловдун ордуна Мирлан Бегалиевди дайындады.
Бегалиев буга чейин "Манас" аэропортунун Бишкектеги филиалын жетектеп келген.
Камчы Көлбаевге "адам уурдоо", "мыйзамсыз курал-жарак сактоо жана аны алып жүрүү" сыяктуу оор кылмыш беренелери боюнча айып тагылып, ал 2012-жылы 8-декабрда ал Бишкекке Дубайдан келип, өз ыктыяры менен колго түшүп берип, камакка алынган.
2013-жылдын 18-октябрында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту аны "акча талап кылуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 5 жыл 6 айга эркинен ажыраткан. Кийин Көлбаевдин жактоочусу Сергей Манукян соттун чечимине макул эместигин билдирип, Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Шаардык сот Көлбаевдин жаза мөөнөтүн 3 жылга чейин кыскарткан. Буга да макул болбогон айыпталуучунун жактоочусу Жогорку Сотко кайрылган.