Кыргыз жеринде туулган футболчу Ильзат Ахметов Орусиянын мыкты жаш оюнчусу деп табылды

Кыргыз жеринде туулган футболчу, москвалык ЦСКА футболдук клубунун жарым коргоочусу Ильзат Ахметов Орусия Премьер-Лигасынын мыкты жаш оюнчусу деп табылып, "Биринчи бештик" сыйлыгына ээ болду. Бул тууралуу Орусия футболдук союзунун расмий баракчасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Ильзат Ахметовго сурамжылоого катышкан 100 адамдын 46сы добуш берген. Сурамжылоого Орусия чемпионатында ойногон клубдардын, курама команданын башкы машыктыруучулары, Орусиянын Футболдук союзунун жана Премьер-Лигасынын өкүлдөрү жана журналисттер катышкан. Жыйынтыгында 20 жаштагы Ахметов 202 добуш алса, аны менен чогуу ЦСКА клубунда ойногон жарым коргоочу Иван Обляков 177 добуш менен 2-орунду ээлеген. Ал эми "Ростов" клубунун оюнчусу Дмитрий Скопинцев 111 добуш менен 3-орунга жайгашкан.

Ильзат Ахметов 1997-жылы Бишкек шаарында туулган. Алгач бишкектик "Алга" футболдук клубунда ойноп келген. Жаш кезинен 11 жашында үй-бүлөсү менен Орусияга көчүп барып, Юрий Коноплёвдун футбол академиясында тарбияланып баштаган. Андан соң Ильзат Ахметов "Рубин" футболдук клубу менен келишим түзүп, 16 жашында "Рубинде" дебют жасаган. 2018-жылы Ильзат Ахметов ЦСКА клубуна келген. Азыркы тапка чейин РЛПнын алкагында 14 оюнга катышып, Чемпиондор Лигасында дагы беттештерге катышканга жетишкен.

"Биринчи бештик" сыйлыгы 2002-жылдан бери тапшырылып келет. Буга чейин аталган сыйлыкты Александр Кержаков, Игорь Акинфеев, Алексей Миранчук жана Александр Головин сыяктуу футболчулар алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ZMirbek.4455
2018-12-07 09:34:03
Жакшы жанылык
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан