Кытайда азчылыкты түзгөн улуттарга карата кысым болуп жатканы көптөн бери айтылып келет. Айрыкча уйгурлар арасынан “террорчу-экстремист” катары кармалгандар көп. Эми буга чейин кысым болгону байкалбаган кыргыз, казак улутунун өкүлдөрүнө да кысым күчөгөнү айтыла баштады.
Кытай бийлиги өзү “кайра тарбия берүүчү” деп атаган лагерлерде 50 миңдей кыргыздар камалып жатканы айтылууда.
“Менин эле туугандарым эмес, Кытайдан Кыргыз өлкөсүнө келген бүт кыргыздардын туугандары камалып жатат. Кытайдан келген студенттердин саны да азайды”, - дейт учурда атасы, агасы жана жеңеси абакта жатканын айткан кытайлык кыргыз Жусуп Малик уулу.
Толугу менен “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№840, 7-декабрь, 2018-жыл) окуй аласыз.