Бишкек шаарынан Жумгал районуна ала качылып, туугандары келгиче зордукталган делген 18 жаштагы кыздын окуясы боюнча бүгүн, 7-декабрда Ленин райондук соту чечим чыгарды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Кылым шамы" укук коргоо борборунун башчысы Азиза Абдирасулова билдирди.
"Бүгүнкү соттук отурумда жабырлануучу кыз жана анын апасына моралдык зыян катары 400 миң сом өндүрүлүп берилди. Ошого байланыштуу жабырлануучу "зордуктоо" беренеси боюнча козголгон кылмыш ишине карата кечирим берип, жарашууга барды. Ал эми ала качуу фактысы боюнча 24 жаштагы айыпталуучу жана анын эжеси үч жылга шарттуу соттолушту. Ал эми өкүм он күндүн ичинде күчүнө кирет", - деди Абдирасулова.
Укук коргоочу Абдирасулованын айтымында, бүгүнкү "ала качуу" боюнча соттун чыгарган өкүмү өлкөдө алгачкы чечим. Судья эки тарапты жараштырууга убакыт жана мүмкүнчүлүк берүү үчүн бул ишти үч ай создуктуруп келген.
Окуяны эске салсак, ушул жылдын 10-июнунда Бишкек шаарынан 18 жаштагы кызды Нарын облусунун Жумгал районуна ала качып барып, андан соң зордуктап салганын эжеси Айзат маалымат жыйында айтып чыккан. Ала качуу фактысы боюнча 24 жаштагы А.Н. аттуу жаранга Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси (ала качуу) менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга 2 айга камалган. Ал эми жабыр тарткан тарап моралдык зыяндын ордун толтуруу үчүн кошумча доо арыз менен сотко кайрылганы белгилүү болгон. Зыян жактоочулар тарабынан 500 миң сомго бааланган. Мындан улам 28-ноябрда болгон соттук отурумга айыпталуучу тарап жабырлануучуларга 400 миң сом акча берген. Ошондой эле зордуктоого шектелген жарандын туугандары элдешүү максатында ортого туугандарын салып, кыздын жакындарынан кечирим сурап жатышканы да белгилүү болгон.