Эми өлкөнүн экинчи борборунда! Ош шаарында Globus'тун биринчи гипермаркети ачылды

Жаңы жыл алдында, тактап айтканда, 7-декабрь күнү Globus дүкөндөр тармагы Ош шаарындагы биринчи гипермаркетин ачты. Бул бир гана тармак үчүн эмес, бүтүндөй Кыргыз өлкөсү үчүн маанилүү иш-чара болду. Анткени Globus өлкөнүн аймактарына да кадам таштап, кызматынан пайдаланып, кубанычта болгон жашоочулардын саны артууда.

Оштогу Globus-гипермаркети "Нурзаман-Плаза" жаңы заманбап соода-көңүл ачуучу жайында ачылды. "Нурзаман-Плаза" шаардын борборунда, Аскар Шакиров көчөсүнүн №275-дарегинде жайгашкан. Бул ири соода борбордо балдар аянтчасы, дүкөндөр, супермаркеттер жана башка көптөгөн кызыктуу объекттер орун алган.

Унутулгус ачылыш азем

Ош шаарындагы Globus гипермаркетинин ачылыш аземи да буга чейин ачылган Globus'тардай эле шаңдуу, көңүлдүү өттү. Ага келген коноктордун баарынын маанайы ачылып, шоу-бизнес өкүлдөрүнүн балдар жана чоңдор үчүн даярдалган концерттик программасына күбө болушту. Албетте, бул ачылыш аземди да сынактар, утуштар, байгелер коштоду.

Эң мыкты баа жана акциялар

Globus Ош шаарындагы жашоочулар Жаңы жыл алдында каалаган товарын ыңгайлуу шартта таба алуусу үчүн майрам алдында өзүнүн дагы бир гипермаркетин ачты. Андагы товарлардын баасы Бишкектеги баалардан айырмаланбагандыктан Ош шаарынын жашоочулары жана коноктору үчүн бул бир жагынан таң калычтуу, экинчи тарабынан жагымдуу болду. Бардык кардарлар үчүн Globus'тун "Күндүн товары", "Ооба, мыкты баа", "Туулган күнүң менен", "58 жаштан жогорку курактагы керектөөчүлөр үчүн арзандатуулар", "Бонус менен төлө" жана башка акциялар өткөрүлүп турат. Гипермаркеттин ачылыш аземине келген кардарлар Globus'тун эң пайдалуу карталарына ээ болушту, аны биздин тармактын бардык дүкөндөрүндө пайдаланса болот.

Өлкөнү өнүктүрүү менен катар

Globus гипермаркетинин аймактарга да ачылышы чынында өлкө үчүн мааниси бар. Бүгүнкү күндө ата мекендик ири жана өнүккөн компаниялар өлкөнүн өнүгүүсүнө өз салымдарын кошуп жатышат. Жаңы гипермаркет да өлкөнүн президенти "Аймактарды өнүктүрүү" жылы деп жарыялаган жылда ачылды. Бул Globus дүкөндөр тармагынын 14-гипермаркети.

"Ар бир кыргызстандыкка бирден Globus' – Биз бул максатыбызга мурдагыдан да жакындадык!


кошулду
Ош шаарында Globus'тун биринчи гипермаркети ачылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан