Аламүдүн районунун Кой-Таш айылындагы аскер бөлүктө кызмат өтөп жүргөн жоокерлерди кордоду делген командирлердин иши сотто каралууда. Бүгүн, 11-декабрь күнү Аламүдүн райондук сотунда экинчи сот отуруму өтүп жатканын SUPER.KG'ге укук коргоочу Азиза Абдирасулова кабарлады.
Анын айтымында, жоокерлер аларды сабаган старшина Уланбек Орозбаев, прапорщик Жапаров, ага лейтенант Казыбек уулунан 200 миң сомдон өндүрүп берүүнү талап кылып жатышат.
Ошондой эле сабалган жоокерлер Башкы штабдан дагы 1 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн. Бирок Башкы штаб бул ишке тиешеси жок экенин айтып, сот өтүнүчтү четке каккан.
Ушул жылдын август айында Кой-Таш айылындагы №73809-аскер бөлүгүндө аскердик кызмат өтөп жаткан 6 жоокер командирлери тарабынан ур-токмокко кабылганы жарыяланган. Анда командирлер жоокерлерди арык каздырып, тиричилик жумуштарын жасоого мажбурлашканы айтылган.
Жоокерлерге кордук көрсөтүү фактысы Таш-Көмүр шаарындагы Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу аскер бөлүгүндө да катталган. Анда аскер бөлүмүнүн прапорщиги түн ичинде мас абалда келип уктап жаткан 24 жоокерди сабаган. Аскер прокуратурасы фактыны аныктап чыгып, прапорщик 5 жылга эркинен ажыратылган.