Ысык-Көлдө көчөдөн эс-учу жок абалда табылган адамды үйүнө жеткирген адам өз жанын кыйды. Көчөдөн табылган киши да каза болуп калган

Ысык-Көл облусуна караштуу Сары-Ой айылында көчөдөн эс-учу жок абалда табылган адам каза болуп калгандан кийин аны үйүнө жеткирип койгон айылдашы өз жанын кыйды. Мындай маалыматты бүгүн, 13-декабрда SUPER.KG порталына Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматкери Сталбек Усубакунов тастыктап төмөнкүлөрдү билдирди.

"Окуя 9-декабрга караган түнү Сары-Ой айылында орун алган. Анда 43 жаштагы жергиликтүү тургун таңкы саат 4 чамасында жолдун боюнда эс-учу жок абалда жаткан айылдашын көрүп, аны үйүнө жеткирип коёт. Эртең мененки саат 10:00дөр чамасында ал киши каза болуп калганы белгилүү болот. Эртеси күнү маркумду үйүнө жеткирип барган 43 жаштагы айылдашы да үйүнүн короосундагы сарайга барып асынып алган", - дейт Усубакунов.

Алдын ала берилген маалыматтарга ылайык, көчөдөн эс-учу жок абалда табылган 46 жаштагы жарандын кабыргалары сынып, бир нече оор жаракаттарды алгандан улам көз жумган.

“Аны унаа сүзүп кеткен болушу мүмкүн, бирок соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы толук чыкмайынча так айтууга болбойт. Эки жаран тең ушул жуманын башында жерге берилген, экөө тең үй-бүлөлүү болгон. 43 жаштагы адамдын өлүмү "өзүн өзү өлтүрүү" катары катталса, биринчи окуя боюнча тергөө амалдары жүрүүдө”, - деп кошумчалады Усубакунов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
ekaterinburg
2018-12-13 13:23:09
Тообо кылдым...Мистика го.
+1
zhykyo
2018-12-13 13:47:27
Пункт назначеня 5 го
+4
Aikaaaa
2018-12-13 15:08:35
Эмнеге антти болду экен, же каза болуп калган кишинин туугандары андан көрүшпөдү бекен
+9
Take_men
2018-12-13 17:05:24
Асынып алган киши өлтүргөн окшойт анда
-5
Aiymkunumjyldyzym
2018-12-13 17:47:34
Olturboso dele Menden korup baary bir moiunga aldyrywat,andan koro olup kalaiyn dep olgondoi bolup jatat
+9
madina.87
2018-12-14 07:40:15
Аябай ишенчээк,боорукер адам окшойт эле,ага жардам берген да өтүп кеткенин уккан соң коркуп эле асынып алган окшойт. Менден көрүп түрмөгө камалгыча өлгөнүм артык дегендир байкуш.Экөөнүн тең жаткан жери жайлуу болсун.
+1
barakcha
2018-12-14 12:28:57
madina.87,Сотторго ишенич жок деп ээ?
0
Samat777
2018-12-14 16:05:06
madina.87, өзүн өзү өлтүргөн адамды эч качан жакшы адам деп эсептебейм
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан