Футбол боюнча Азия Кубогу: Кыргыз улуттук курама командасынын даярдануусуна республикалык бюджеттен 10 миллион сом бөлүндү

Футбол боюнча Азия Кубогунун финалдык бөлүгүнө даярданууга Кыргыз улуттук курама командасына республикалык бюджеттен 10 миллион сом сарпталат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы маалымдайт.

"Кыргыз улуттук курама командасы Азия Кубогунда ийгиликтүү оюн көрсөтүшү жана рейтингди ордунда кармап туруусу үчүн республикалык бюджеттен кошумча 10 миллион сом бөлүндү", - деп айтылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, Кыргыз улуттук курама командасы Азия Кубогуна даярдануу максатында сентябрь айынан баштап 3 жолу окуу-машыгуу жыйындарын өткөргөн. Анда Кыргыз улуттук курама командасы Бишкекте Палестина менен Сирия (сентябрь айында), Малакка шаарында Малайзия (октябрь айында), Кашима шаарында Япония (ноябрь айында) курама командасына каршы жолдоштук оюн өткөргөн.

Азыркы тапта Кыргыз улуттук курама командасы Катарда окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүп жатат. Анда Кыргыз курамасы Палестина, Иордания менен Катар курамалары менен жолдоштук беттеш өткөрөт.

Азия Кубогунун финалдык бөлүгү 2019-жылдын 5-январынан 1-февралына чейин Бириккен Араб Эмираттарына өтөт.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Kychtyy
2018-12-13 15:11:07
Группадан чыксак экен. Болбоду дегенде. Алга жигиттер. Силерден ийгилик кана кутобуз
+4
Kgstank
2018-12-13 15:26:11
Кыргызстан алга.
+1
Asiamoll
2018-12-13 15:29:29
Бөлүнсүн дагы бөлүнсүн чоңдор жегенче спортко кетирген жакшы
+2
KGZ-RUS
2018-12-13 17:12:17
Бул каражат аз бирок ушунусуна деле шугур.
-1
Modric10
2018-12-14 14:55:41
Миллион берсе деле оюну баягы эле да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан