Футбол боюнча Азия Кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында Кыргыз өлкөсүнүн футболчулары менен Макао 28-март күнү кез келет. Футбол федерациясы билдиргендей бул оюнга билеттер 18-марттан тарта сатыкка чыгат.
Аталган оюн Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Билет баасы 200 сомдон 500 сомго чейин сатылары күтүлүүдө.
Белгилей кетсек, 2019-жылы өтө турган Азия Кубогунун тандап алуу оюндарында Кыргыз өлкөсү Макао, Индия жана Мьянма командалары менен күч сынашат.