Азия Кубогунун тайпалык баскычынын жыйынтыктоочу туру башталып, Индия курама командасы беттештен четтеген алгачкы команда болду. 3-тур 16-январда Ливан-Түндүк Корея жана Сауд Арабиясы-Катар беттештери менен жыйынтыкталып, жарым чейрек финалда ойной турган бардык командалар аныкталат.
Беттештин расмий баракчасынын маалыматына ылайык, А тайпасында 1-орунду ээлеген Бириккен Араб Эмираттарынын курама командасы "С", "D" же "Е" тайпаларынан 3-орунду алган команда менен беттешет.
Ал эми "В" тайпасында биринчи орунду камсыздаган Иордания курамасы "А" же "С", же "D" тайпаларында 3-орунду алган командалар менен ойнойт.
"С" тайпасында жайгашкан Кыргыз курамасы учурда бир да упай топтой электигине байланыштуу 6 упай чогулткан Түштүк Корея менен Кытайды артта калтырууга мүмкүнчүлүгү жок. Улуттук курама команда бир гана 3-орун менен плей-офф баскычына чыгуусу мүмкүн. Ал үчүн тайпаларда 3-орунга жайгашкан 4 мыкты кураманын катарына кириши керек. Демек, "Ак шумкарлар" мүмкүнчүлүктү пайдалана алса, аларды жарым чейрек финалда талаа ээлери же Иордания командасы күтүп турат.
Кыргыз курама командасы ФИФАга мүчө болгон 1994-жылдан бери Иордания менен 5 расмий беттеш өткөрүп 2 жолу жеңишке жетип, 2 жолу жеңилүү ызасын тартса дагы оюн тең чыгуу менен аяктаган.
Кыргыз өлкөсү менен Иорданиянын беттештеринин жыйынтыктары:
Батыш Азия федерациясынын Кубогу 2000-жыл:
Амман шаары. 23-май. Иордания-Кыргыз Республикасы – 2:0.
Неру Кубогу 2007-жыл:
Бишкек шаары. 18-октябрь. Кыргыз Республикасы-Иордания – 2:0;
Амман шаары. 28-октябрь. Иордания-Кыргыз Республикасы – 2:0.
Дүйнө чемпиондугунун тандоо туру, 2015-жыл:
Амман шаары, Иордания-Кыргыз Республикасы – 0:0;
Бишкек шаары, Кыргыз Республикасы-Иордания – 1:0.
Бириккен Араб Эмираттары менен Кыргыз өлкөсү буга чейин футбол талаасында беттешип көргөн эмес.