Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жаткан Азия Кубогунун 1-турунда Кыргыз менен Кытай курама командаларынын беттешине эң аз көрүүчү келди.
Белгилүү болгондой, Кыргыз-Кытай беттеши 7-январь күнү БАЭнин Аль-Айн шаарындагы "Халифа Бин Зайед" стадионунда орун алган. 16 миң күйөрман бата турган стадионго 1 миң 839 көрүүчү гана келди. Ал эми 1-турдагы эң көп көрүүчү катышкан беттеш БАЭ менен Бахрейн болду. Анда 43 миң орун бар стадионго 33 миң 878 көрүүчү келди.
Жалпы эсепте 1-турда 93 миң 708 көрүүчү келген, бирок көбүнчө беттештерде көрүүчүлөрдүн саны 10 миңге жеткен эмес.
1-турда көрүүчүлөрдүн саны: