Өзбекстандын Эмгек сиңирген артисти, куудул Обид Асомов каза болду

Белгилүү өзбек куудулу, Өзбекстандын Эмгек сиңирген артисти Обид Асомов 55 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Өзбекстандын жергиликтүү маалымат булактары Саламаттыкты сактоо министрлигинин берген маалыматына таянып жазышууда. Куудул бүгүн, 14-декабрда Ташкент шаарында ооруканада каза болгон. Асомов 11-декабрда жүрөк оорусу кармап ооруканага жеткирилген.

Обид Асомов 1963-жылы 22-октябрда Ташкент шаарында туулган. Ал алгач сүрөтчү адистиги боюнча билим алып, андан соң Ташкенттеги театрдык институтта окуп, аны аягын чыккан эмес. Анын тамашалуу аскиялары аудиотасмаларга жазылып, миллиондогон тираж менен сатылып, Өзбекстандын учу-кыйырына тараган. Өз мекенинде популярдуулукка жеткен Асомов 2000-жылдардын соңунда "Россия-1" телеканалындагы "Кривое зеркало" телеберүүсүнө катыша баштаган соң КМШ өлкөлөрүнө таанылган.

Ушул жылдын июнь айында Обид Асомов Кыргыз өлкөсүндөгү күйөрмандарына да келип, куудул Борончу Кудайбергенов менен бирге концерт коюп кеткен. Анда Асомов SUPER TV'га үй-бүлөсү, чыгармачылыгы, жубайы жана Кыргыз өлкөсү тууралуу кенен маек куруп берген.

Обид Асомовдун артында жубайы жана 1 уул, 3 кызы калды.

Өзбек куудулу Обид Асомов: “Аялым Ташкентте отуруп алып видеочалуу менен көзөмөлдөйт”
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Gulnyr19
2018-12-14 21:45:22
Жайы жаннатта болсун
+4
Aisle
2018-12-14 21:50:54
шайыр отто жакшы адамдай корунот.Бейиштен болсун жайы...мага жагат эле тамашалары
+9
Alixan-Nookat.2015
2018-12-14 21:52:40
Жаткан жери жайлуу болсун топурагы торко болсун!
+7
Atas
2018-12-14 21:54:40
Таланттуу, Орто - Азиядагы эн мыкты куудулдан айрылдык
+9
Sabette
2018-12-14 21:58:14
Чынында таланттуу эле жайы жаннаттан болсун!!!
+9
aidinaernur
2018-12-14 22:15:35
Арты кайырлуу болсун!
Жараткан бейишине алсын. Таланттуу киши болчу
+4
Jelezo
2018-12-14 22:38:51
Бейиши болсун. Аябай талантуу куудул эле.
+4
Kaary
2018-12-14 22:39:06
Алла ырахмат, мээримине бөлөсүн! Жайы жаннат, акырети абад болсун! Жакындарына сабыр, канаат тилейм!
+4
Asylai88
2018-12-14 22:42:10
Бейишин берсин. Таланттуу куудул эле.
+2
Pchelka85
2018-12-14 23:03:15
Деги бугун эмне деген кун?? Турусбек Жумалиевдин келинчеги, Динара Акулованын апасы... эми бул киши.... жайлары жаннатан болсун!!
+4
Esenali
2018-12-14 23:46:37
Бейишинен берсин, боорум ооруп атат.чыныгы таланттуу инсан эле
+5
Shaa-82
2018-12-15 13:13:03
Жаткан жери жайлуу болсун! Жакшы куудул эле.
+1
BoDiNur
2018-12-16 10:02:30
Каап жаман болуптур
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан