Кытайдагы жакындарын издеген этникалык кыргыздар ТИМге кат тапшырышты

Кытайдагы туугандарын издеген кытайлык кыргыздар бүгүн, 17-декабрда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин имаратынын алдына чогулуп, министрликке арыз тапшырышты. Бул тууралуу SUPER.KG'ге арыз жазгандардын бири Жусуп Малик уулу кабарлады. Анын айтымында, арыздарда Кытайдагы "саясий тарбия берүүчү лагерде" кармалып жаткан кыргыздардын абалын билип, мыйзам чегинде тиешелүү чечимдерди кабыл алуу өтүнүчтөрү жазылган.

"Жалпы 5 адам кирип министрликтин өкүлдөрүнүн кабыл алуусунда болдук жана жазган арыздарыбызды тапшырдык. Алар "бул багытта мыйзам чегинде иш алып барып жатабыз" деп айтышты. Башка эч нерсе жооп болгон жок", - деди Малик уулу.

Алар буга чейин президент Сооронбай Жээнбековго жана Бириккен улуттар уюмуна кайрылышкан. Кытайлык кыргыздарды коргоо комитетинин маалыматына караганда, лагерде жалпы 50 миңдей этникалык кыргыз камалып жатат.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kaary
2018-12-17 19:03:26
Эх ушул иштер өз нугуна чечилип берсе экен! Кудайым ишиңерге ийгилик, жолуңарды ачык кылсын! Заалымдын зулумунан бизди, биздин туугандарыбызды куткара көр Алла! Мусулмандарга ынтымак, биримдик бер!
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан