Ячейкаларда акча сактаган бардык кардарлар боюнча маалымат берүү талабы депутаттарды нааразы кылды

Бүгүн, 18-декабрда өкмөткө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын коммерциялык банктардан мүлк сактаган кардарлардын маалыматын берүүнү талап кылган каты интернетке жарыяланды.

Бул маселе парламенттин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда көтөрүлдү. Депутат Азамат Арапбаев аталган талапка нааразычылыгын билдирди. "Бардык ячейкаларды текшерүүнү ким ойлоп тапты? Биз полициялык мамлекетти куруп жатабызбы? Эми инвесторлор бизден качып кетишет", - деп нааразы болду Арапбаев.

Аны менен депутат Акылбек Жапаров макул болду. Жапаровдун айтымында, өлкөдөгү банктык ячейкаларды ачып текшерип жатышат деген маалыматтар активдүү таратылууда.

Депутат Салайдин Айдаров мындай маалыматты окуп, инвесторлор өлкөгө келбей турганын айтты.

Вице-премьер-министр Жеңиш Раззаков бул маселе боюнча толук маалыматка ээ эмес экенин билдирди.

Коммерциялык банктардан мүлк сактаган кардарлардын маалыматын берүү талап кылган катта "Террордук ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы аракеттенүү" боюнча мыйзамды сактоого багытталганы көрсөтүлгөн.

Андан сырткары банктык эсеп жана ячейкалар боюнча реестрди түзүү коммерциялык банктардан Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын аналитиктери тарабынан маалымат алуунун эффективдүүлүгүн өстүрө турганы белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан