Нарын. "Кумтөр" боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссия Нарын эли менен жолугушту

Темир Сариев төрагалык кылган “Кумтөр” боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссия бүгүн Нарын жергесинде болду. Жолугушуу Нарын шаардык Жаштар ордосунда өттү. Жыйындын башында мыйзамга кирген жаңы толуктоолор, Салык кодексине кирген өзгөртүүлөр жөнүндө маалымат берилди. Андан соң эл тарабынан суроолор, сунуш-талаптар берилип, нарындыктар жарыш сөзгө өтүштү. Жыйындын аягында “Кумтөрдүн” элге тийгизген кесепети, андагы социалдык-экологиялык маселелерди камтыган суроолорго комиссиянын тиешелүү өкүлдөрү жооп беришти. “Кумтөр” боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын курамы 28 адамдан туруп, 3 бөлүккө бөлүнүп, 3 багытта иш алып барышат. 
1. Юридикалык топ (мында атайын эксперттер иш алып барышат) 
2. Экономикалык-социалдык багыт боюнча иштеген топ 
3. Экологиялык жана техникалык коопсуздукту көзөмөлдөөчү топ            
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан