Кыргыз циркин 14 жыл башкарган Курмангазы Исанаев кызматынан бошотулду

Кыргыз мамлекеттик циркинин директору Курмангазы Исанаев ээлеген кызматынан бошотулду. Тийиштүү буйрукка маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов кол койгонун 20-декабрда мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.

Исанаев буга чейин SUPER.KG'ге кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганын, жазган арызына ылайык, 2019-жылдын 18-январында кызматтан алына турганын билдирген болчу.

Курмангазы Исанаев цирктин директору болуп, 2004-жылдын 6-октябрында ошол кездеги өкмөт башчы Николай Танаевдин буйругу менен дайындалган.

Кыргыз циркиндеги жетекчилик менен кызматкерлердин пикир келишпестиги 26-ноябрь күнү Жогорку Кеңештин комитетинде көтөрүлүп, циркти ижарага берүүдөгү жана билеттерди сатуудагы коррупция жана башка мыйзам бузуулар болгону айтылып, маселенин чоо-жайын жазганбыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
SulaymanUulkan
2018-12-20 10:36:20
14 жылда жарылайын деп калыптыр
+2
raykray
2018-12-20 13:20:37
Бизде ким каерде чонурак башкаруучу болуп иштесе эле аялы кишиси жарылайын деп калатда))) обедке каалаган чайханасы, ужинге каалаган тамак доставка кылдыраттарда. Жээнбековдордон келет болуш кк эми
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан