ЖОЛ КЫРСЫКТАРЫ
Рулдагы мас айдоочу - бул кылмышкер. Өпкөсүн оозуна тиштеп алып чымын-куюн болуп айдап, жолдон каршы тилкеге чыга калып буйтактаган айдоочулардын айынан канчалаган өмүрлөр кыйылып кетти. Ал эми арасындагы жаш балдарчы?
Соңуна чыгып бара жаткан 2018-жылы жол кырсыктары абдан көп катталды. Бул коомчулуктагы пикир. Ал эми ИИМдин берген маалыматына караганда, 2017-жылга салыштырмалуу бул жылы жол кырсыктары аз болгон. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы быйылкы жылы жол кырсыгынын кесепетинен канча адамдын жаны кыйылганын сан менен айтып берүүдөн баш тартты. Быйыл министрликтен пайыздык катыш менен гана маалымат берүү талабы коюлган.
2018-жыл ичинде жол кырсыктарынын саны 2017-жылга салыштырмалуу 6,2 пайызга төмөндөгөн. Ал эми каза болгондордун саны 27,1 пайызга, жаракат алгандардын саны 5 пайызга төмөндөгөн.
Акыркы 9 айдын жыйынтыгы боюнча октябрь айында өткөн маалымат жыйында жол кырсыктары боюнча сөз козголуп, анда бир катар сандар келтирилген. Башкы прокуратуранын алдындагы ыкчам изилдөө иштерин жана тергөөнү көзөмөлдөө башкармалыгынын ага прокурору билдиргендей, акыркы 9 ай аралыгында 5 миң 118 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 458 адам каза болгон. Дээрлик 500гө жакын адам өлүмү. Ага прокурордун айтымында, жол кырсыктарынын көпчүлүгү Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймагында катталган.
Жалпы 5 миң 118 жол кырсыгы катталса, андан 6 миң 299 адам жаракат алган. Ал эми каза болгондордун саны 458ге жеткен. Жашы жете электердин катышуусунда 977 жол кырсыгы катталып, 62 бала каза болгон. Жол кырсыктарынын негизинде 265 кылмыш иши козголуп, 4 миң 710 факт боюнча иш козгоодон баш тартылган.
ТҮГӨЙҮ ЖОК ТАПИЧКЕЛЕР... НАРИСТЕНИ БИР БУТУНАН ЖАНА АПАСЫНАН АЖЫРАТКАН АЙДООЧУ 7 ЖЫЛГА ШАРТТУУ КЕСИЛГЕН
Узап бараткан жылдагы жол кырсыгынан улам жабыркап, тагдыры жүрөктү ооруткан окуя февраль айында орун алды. Айдоочунун этиятсыздыгынан 1 жаш 8 айлык наристенин бир бутунан жана апасынан ажыраганы коомчулукту кайгыга салып, айдоочуга наалат айтылды.
9-февраль күнү 34 жаштагы Жазгүл Өмүрбекова эмчектеги кызын көтөрүп дүкөнгө барып келүү үчүн чыккан. Тилекке каршы, үйүнө анын жансыз денеси алып келинди. Ал эми наристе болсо апасынан жана бир бутунан ажырап калды.
Окуя Бишкек шаарынын Элебесов жана Витебск көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган. Анда катуу ылдамдыкта бара жаткан Мерседес үлгүсүндөгү кичи автобус алдындагы жөө жүргүнчүнү өткөрүү үчүн токтогон Тойота үлгүсүндөгү унааны сүзүп, андан кийин башкарууну жоготуп жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөн өтүү үчүн даярданып жол боюнда кызын көтөрүп турган 34 жаштагы келинди сүзгөн. Оор жаракат алган келин ооруканада каза болсо, дарыгерлер 1 жаш 8 айлык наристенин бир бутун кесип салууга аргасыз болушкан. Бишкек ШИИББинин билдиришинче, аталган окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренеси (транспорт каражаттарынын кыймылын жана пайдалануу коопсуздугунун эрежелерин бузуу) боюнча кылмыш иши козголгон.
Бир бутунан ажыраган кичинекей Жумайымга май айында SUPER.KG порталы барып кабар алган. Басуу, чуркоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган наристенин кире бериштеги түгөйү жок бут кийимдерин көрүп, кадам аттай албай калдык. Эмгектеп, үч аяктап жүргөн наристе алигиче апасынын келбес сапарга кеткенин жакшы түшүнө элек. Жумайым - Жыргалбек Чотонов менен келинчеги Жазгүл Өмүрбекова экөөнүн 7 жылга чукул балалуу боло албай жүрүп Кудайдан тиленип көргөн тун кызы. Алар бир нече жыл Орусияда иштеп жүрүп 2015-жылы Бишкекке келишкен. Быйыл жазында кайрадан Орусияга кетүүгө аракет кылып жүрүшкөн.
Сот иштерине кайрылсак, учурда Жумайымдын бир бутунан жана апасынан айрылышына себепкер болгон маршруттук таксинин айдоочусу шарттуу түрдө 7 жылга кесилген. Жумайымдын атасы Жыргалбек Чотонов Свердлов райондук сотунун чыгарган бул чечимине нааразы болуп, Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Бишкек шаардык соту ишти карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Буга нааразы болгон жабырлануучу тарап Жогорку Сотко кайрылган. Жогорку Сот кайрылууну карап, кайрадан шаардык сотко өткөрүп берген. Ал эми шаардык сот чечимди эч кандай өзгөрткөн эмес. Чотонов учурда акыйкаттыкты издеп кайда кайрыларын билбей жаткан чагы.
МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРИ СПОРТТУК МЕЛДЕШТЕН КЕЛЕ ЖАТКАН МУГАЛИМДЕРДИ СҮЗҮП, АЛАРДЫН ЭКӨӨ КАЗА БОЛГОН
10-февралда Жалал-Абад облусунун Аксы районунда милиция кызматкери 4 мугалимди сүзүп кетти.
Маалым болгондой, окуя саат 18:00 чамасында Кербен шаарында болгон. Кырсыктын кесепетинен эки мугалим каза болуп, дагы 2 мугалим оор абалда аймактык ооруканага жеткирилген.
Унааны Аксы райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери айдап бараткан. Ал жолдун тайгактыгынан улам башка унаадан буйтайм деп жатып өзү жолдон чыгып кеткен. Жыйынтыгында жолдун четинде бараткан мугалимдерди сүзүп кеткен. Алардын экөө каза болуп, экөө ооруканага жеткирилген. Алар Мамай атындагы орто мектептин 30-35 жаштагы мугалимдери болушкан.
Мугалимдин өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча тергөө аяктап, апрель айында иш сотко жөнөтүлгөн.
Эки мугалимдин өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 291-беренеси (коопсуздук эрежесин бузуу) менен кылмыш иши козголгон.
Аксы райондук сотунун 29-майындагы өкүмү менен соттолуучу С.М.Ж. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренесинин 3-бөлүмү менен күнөөлүү деп табылып, 8 жылга эркиндигинен ажыратылган. Ал жазасын жатак абактарында өтөсүн деп көрсөтүлгөн. Соттолуучунун бөгөт коюу чарасы өзгөртүүсүз калып, камакта калтырылган.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 61-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктуна ылайык, тергөө учурунда камакта жаткан күндөрүнүн бир күнү жатак абактарында кармоонун үч күнүнө теӊештирилип эсептелинген.
ТАҢ АТПАЙ ЖУМУШУНА КЕТИП, ҮЙҮНӨ СӨӨГҮ КЕЛГЕН "ТАЗАЛЫКТЫН" 60 ЖАШТАГЫ КЫЗМАТКЕРИ
12-февралда Бишкекте жол жээгин шыпырып тазалап жүргөн аялды катуу ылдамдыкта келе жаткан унаа сүзүп кетип, ал көз жумган. Жол кырсыгы эртең мененки саат 7:30 чамасында болгон. Байтик баатыр жана Түштүк магистраль көчөлөрүнүн кесилишинде иштеп жаткан "Тазалык" ишканасынын 60 жаштагы кызматкерин Түштүк магистраль көчөсү менен батыштан чыгышты көздөй бара жаткан Honda Elysion үлгүсүндөгү жеңил унаа сүзүп кеткен.
Ал эми "Тазалык" ишканасынан алардын 60 жаштагы кызматкери жол эрежесин бузган аракеттерди жасабагандыгын жана бардык талаптарды сактап, өз милдетин аткарып жаткан учурда аны унаа сүзүп кеткенин айтышты.
"Биздин кызматкер алыстан чагылышып көрүнө турган атайын кызматтык формасы менен иштеп жаткан. Ал бардык талаптарды сактап жол эрежесин бузган эмес", - деген мекеменин басма сөз кызматы.
АЯЛДАМАДА ТРАНСПОРТ КҮТҮП ТУРГАН АЯЛДЫН ЖОЛУН АЖАЛ ТОРОГОН ОКУЯ
Бишкек шаарынын Асанбай кичи районунда унаа аялдамада турган аялды сүзүп, ал ошол жерде каза болду. Каргашалуу кырсык 9-апрель күнү эртең менен таңкы саат 6:20лар чамасында болгон. Анда жогорку ылдамдыкта келе жаткан Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, аялдамада турган аялды сүзүп кеткен. Натыйжада аял ошол жерде каза болгон. Ал эми айдоочуну "Тез жардам" кызматы алып кеткен. Аялдамада турган аялды сүзүп, аялдаманы жарактан чыгарган 1994-жылы туулган Т.А. аттуу айдоочуга карата 281-берененин 2-бөлүмү (транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен кылмыш иши козголгон.
"ДҮЙНӨНҮН СУЛУУ АЙЫМЫ-2018" НААМЫНЫН ЭЭСИ ЖОЛ КЫРСЫГЫНАН КАЗА БОЛДУ
Кыргыз өлкөсүнөн чыккан "Дүйнөнүн сулуу айымы-2018" наамынын ээси Сания Шакирова жол кырсыгына кабылып каза болду. Окуя 2-июнда саат 21:30дар чамасында Балыкчы-Ананьево-Каракол жолунда орун алган.
Унаада 1 айдоочу жана 2 жүргүнчү болгон. Алар Ысык-Көлдөн Бишкекти көздөй бара жатып Чок-Тал айылынын кире беришиндеги мүрзөнү курчаган дубалды сүзүп токтогон. Окуя болгон жерден С.Шакирова көз жумган. Дагы бир 31 жаштагы жүргүнчү алган жаракатынан улам Чолпон-Атадагы ооруканага жеткирилген. Ал эми айдоочу туугандары тарабынан Бишкек шаардык №4-ооруканага жеткирилген. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренеси (транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен кылмыш иши козголгон.
13-сентябрда Сания Шакированын өлүмү боюнча ачылган кылмыш ишинин негизинде сот отуруму болду. Анда соттун чечими менен айдоочу 10 жылга жатак абакка кесилип, маркумдун жакындарына 2 миллион сом төлөп берүүгө милдеттендирилген. Ага чейин кылмышка шектүү кырсыкка кабылып, анын кесепетинен Сания Шакирова каза болуп калганын моюнга алганы менен, унаа айдап бара жатканда ичимдик ичпегенин айткан. Ал эми сотто мас абалында рулга отурганын ырастап, күнөөнү моюнуна алган.
Ал арада Сания Шакированын апасы кызы кырсыкка кабылган унаанын айдоочусуна 4 миллион сом доо койгонун айткан болчу. Сот анын 50 пайызын төлөп берүүгө милдеттендирген.
Алгач айыпталуучу тарап жабырлануучу тарап койгон доого каршы чыгып, эч кандай чыгым төлөбөйбүз деп жатышкан. Сот аларга 2 миллион сомду төлөөгө милдеттендирген соң, чыккан чечимге жабырлануучу тарап нааразычылыгы жок экенин айткан.
МЕКСИКАЛЫК ФУТБОЛ КҮЙӨРМАНДАРЫН КЫРГЫЗДАН БАРГАН ЖАРАН МОСКВАДА СҮЗҮП КЕТКЕН ОКУЯ
Орусиянын Москва шаарында Кыргыз жараны автоунаасы менен топтошкон адамдарды сүздү деп кармалды.
Маалыматка ылайык, 16-июнь күнү кечинде Москванын борбордук көчөлөрүндө мексикалык футбол күйөрмандарын такси сүзүп кеткен. Мындан улам 8 киши жарадар болгон. Кийинчерээк кармалган таксист Чыңгыз Анарбек уулу аттуу Кыргыз жараны экени айтылган. Ал айдоочулук күбөлүктү Кыргыз өлкөсүнөн алган. Айдоочу күнү-түнү иштеп, уктабагандыктан рулда уктап кеткенин милиция кызматкерлерине сурак берип жатканда айткан. Жарадар болгон мексикалык жана жергиликтүү жарандардын төртөө ооруканага түшкөн. Калгандары жеңил жаракат алган. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, Анарбек уулу тергөө абагына камакка алынган болчу.
Бактыга жараша, Чыңгыз Анарбек уулу кийнчерээк абактан бошотулган. Мындай чечимди 11-октябрда Москва шаарынын Тверь райондук соту кабыл алганын орусиялык ЖМКлар жазды.
Соттун чечимине ылайык, Чыңгыз Анарбек уулу 1 жыл 6 айга кара жумушка тартылып, айлык маянасынын 15 пайызы кармалып калат. Ошондой эле ал 3 жылга чейин унаа айдоо укугунан ажыратылган.
5 АДАМДЫН ӨМҮРҮН АЛГАН ЖОЛ КЫРСЫГЫ
24-июлда Чүй облусунда жол кырсыгы катталып, беш адам каза болду. Ford Transit үлгүсүндөгү унаа Ивановка-Ак-Сай унаа жолунда түштүктөн түндүктү көздөй бара жатып, ага каршы келе жаткан Toyota Camry унаасы менен сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен Ford Transit унаасынын айдоочусу окуя болгон жерден каза болгон. Ал эми Toyota Camry машинасынын 34 жаштагы айдоочусу жана 3 жүргүнчүсү Ысык-Ата райондук ооруканасында көз жумушкан. Ооруканага жаткырылгандардын экөө жаш балдар болчу.
14-август күнү саат 15:00 чамасында Кочкор районунун Бишкек-Торугарт унаа жолунда бара жаткан Ауди үлгүсүндөгү унаа комбайнды сүзгөн. Кырсык катталган жерге Вольксваген Пассат үлгүсүндөгү унаа токтоп, анын ичиндеги жарандар кырсыктан жабыр тарткандарга жардам көрсөтүп башташкан. Ал учурда Мерседес-Бенц унаасы келип Аудини жана жардам көрсөтүп жаткан адамдардын бирин сүзгөн. Анын кесепетинен жардам көрсөтүп жаткан адам жана Аудинин ичиндеги 1 жүргүнчү каза болгон. Ал эми жабыр тарткан 2 адам Кочкор райондук ооруканасына жеткирилген.
Ушул эле Нарын облусунун Кочкор районунда 17-август күнү жеңил унаа оодарылып кетип, 3 адам каза болду. Анда Кочкор районунун Ормон-Хан жана Кара-Суу айылдарынын ортосунда Фольксваген Пассат үлгүсүндөгү унаа оодарылып кеткен. Анын кесепетинен 3 адам окуя болгон жерден каза болуп, 2 адам ар кандай жаракаттарды алышкан.
КЫРСЫКТУУ ТУУЛГАН КҮН
9-сентябрда Москва шаарында кайгылуу окуя болду. Орусиянын жарандыгын алган Бекжан Сарбишев аттуу кыргыз жигити Фольксваген Поло үлгүсүндөгү автоунаасы менен жөө жүргүнчүлөрдү тебелетип салды. Кандуу окуядан 1 адам каза болуп, 11 адам жаракат алды. Айдоочунун мындай кылмышка барышына эмне себеп болгон?
Бекжан Сарбишев Ош облусунун Өзгөн районунда 1997-жылы туулган. Кичинесинде эле ата-энеси менен Орусияга көчүп кетип, кийин ал өлкөнүн жарандыгын алган. Атасынын айтымында, ал 2-топтогу майып. Айдоочулук күбөлүктү Орусияда жашап жүргөндө алган.
22 АДАМ ЖАБЫРКАП, 1 АДАМ КАЗА БОЛГОН КЫРСЫК БАТКЕНДЕ ОРУН АЛГАН
Баткен облусунун Ош-Баткен-Исфана жолунда эки Мерседес-Бенц Спринтер унаалары сүзүшүп, 22 адам ар түрдүү жаракаттарды алып, 1 адам каза болду. Бул кырсык Ак-Татыр аймагында 17-октябрда саат 15:00 чамасында орун алган. Анда жүргүнчүлөрдү ташыган Мерседес-Бенц Спринтер унаасы менен жүк ташыган унаа бетме-бет сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 22 адам жаракат алып, 1 адам каза болгон. Ноябрь айында алган жаракаттарынан улам ооруканада дарыланып жаткан 22 адамдын абалы жакшырып үйлөрүнө чыгарылган.
ЧҮЙ ОБЛУСУНДА 2 УНАА КАГЫШЫП, БИР УНАА АЙДООЧУСУ МЕНЕН КОШО ӨРТТӨНҮП КЕТСЕ, ЭКИНЧИ УНААДАН 5 АДАМ КАЗА БОЛГОН
16-декабрь күнү саат 16:25 чамасында Чүй облусунун Ысык-Ата районунда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 50-чакырымында жол кырсыгы катталды. Аталган кырсыктан 5 адам каза болуп, дагы 3 адам ооруканага жеткирилген. Белгилүү болгондой, аталган жолдо Фольксваген Пассат унаасы менен Тойота Ипсум сүзүшүп, Фольксваген Пассат унаасы өрттөнүп кеткен. Чыгыш тарапка бара жаткан Тойота Ипсум унаасында 7 адам, экинчи унаада айдоочу гана болгон.
Токмок шаардык жана Ысык-Ата райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн куткаруучулар унаада кыпчылып каза болгон адамдардын жансыз денесин чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берип, өрттү өчүрүшкөн. Өрттөнүп кеткен унаадан жолдон ары-бери өткөн жүргүнчүлөр айдоочуну чыгарып алууга жетишпей, айдоочу өрт өчүрүүчүлөр келгенче унаасы менен кошо өрттөнүп кеткен. Жабыркаган адамдар "Тез жардам" кызматынын унаасы менен райондук ооруканага жеткирилген. Алардын баары Кочкор районунун тургундары болушкан.
9 АЙДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ МЕНЕН БИШКЕК ШААРЫНДА ЭЛЕ 40тай АДАМ КАЗА БОЛГОН
Борбор калаада ушул жылдын 9 ай аралыгында 1594 жол кырсыгы катталган, анын ичинен 329 жол кырсыгы жаш балдардын катышуусу менен болгон. Катталган жол кырсыктарынын кесепетинен 40 адам каза болсо, анын үчөө балдар. Жол кырсыктарынын кесепетинен 1973 адам ар түрдүү жаракаттарды алган, анын ичинен 360ы балдар экени маалым.
Ал эми 2017-жылдын 9 ай аралыгында 1558 жол кырсыгы катталган. Анда 1969 адам ар түрдүү жаракаттарды алган. Оор жаракаттардан улам 54 адам каза болгону маалым. Жалпы сандын ичинен 315и балдар, анын ичинен үчөө каза болуп, 356 бала ар түрдүү жаракаттарды алганы айтылган.
Кыргыз жери жол кырсыктары көп болгон өлкөлөрдүн катарын толуктайт. 2017-жылы өлкөдө 6346 жол кырсыгы катталган. Бул көрсөткүч 2016-жылга салыштырмалуу 478ге көп.