"Ош базарындагы" төртүнчү жолку катталган өрт кырсыгынан жабыркагандарга келтирилген чыгымдар эсептелип жатат. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда SUPER.KG порталына Бишкек шаарынын Ленин районунун акими Нурдин Тынаев билдирди.
Учурда өрт кырсыгы катталган аймакта соода орундарын калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.
"Бизге өрт кырсыгынан жабыркаган 21 соодагердин келишимдери боюнча териштирүү иштери аягына чыга элек. Атайын комиссиянын өкүлдөрү тарабынан жабырлануучулардын салык кызматына, социалдык фондго төккөн акча каражаттарын текшерүү иштери улантылууда. Жыйынтыктар берилген соң жабыр тарткандарга жардам берүү маселеси каралмакчы", - деди Тынаев.
Окуянын чоо-жайына кайрылсак:
"Ош базарында" 4-декабрга караган түнү чыккан өрттөн 40ка жакын соодагердин соода орду толугу менен күйүп кеткен. Аймактык тескөөчү окуядан бир күн мурун базар жабык болгонун жана ширетүү иштери жүргүзүлгөнүн билдирген.
Жыл башынан бери аталган базарда төртүнчү жолу өрт кырсыгы катталууда. Буга чейин "Ош базарында" 3 жолу өрт кырсыгы болгон. Биринчи жолу 30-январда эртең менен базардын борбордук бөлүгүнө кире бериш жериндеги Киев-Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишиндеги павильондон чыккан. Андан кийин март айында ошол эле жер, "Сейтек" соода борбору өрттөнгөн. 13-апрелде базардагы "Берекет" соода түйүнүндө өрт чыгып, бир нече соодагерлер миллиондогон чыгымга учурашкан.