SUPER.KG порталы сиздерди Жаңы 2019-жылыңыздар менен куттуктайт!

Мына ушинтип жер шары жана анда жашап жаткан адамдар 365 күндү артта калтырып, дагы бир жаңы жылды тосуу алдында турат. Саналуу сааттардан кийин ит жылы менен коштошуп, доңуз жылын тосуп алабыз. SUPER.KG порталы жалпыңыздарды кирип келе жаткан 2019-жаңы доңуз жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайт!

Узап бара жаткан ит жылында Кыргыз өлкөсүндө саясий, маданий, спорттук ири иш-чаралар орун алып, эсте калуучу окуялар көп болду. Кирип келе жаткан доңуз жылында да элибиз аманчылыкта жашап, маданий, интеллектуалдык, руханий жана материалдык жактан өссүн, бийиктесин. Кыргыз өлкөсүнүн жарандары ынтымакта жашап, биримдик менен өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кирүү үчүн талыкпай аракеттенсин.

Ар бириңиздердин үй-бүлөңүздөрдү кут, береке байырлап, 2019-жылда жалаң гана жагымдуу жаңылыктар коштоп жүрсүн. Жаңы жылда улуу муун каалоо-тилек, батага бай болуп, жаш муун ишенимди актап, өлкөгө эле эмес, адамзатка кызмат кылсын.

Кирип келе жаткан жылда жесирдин муңун, жетимдин ыйын, карынын капалыгын, энелердин ызасын, аталардын арманын көрбөңүздөр. "Адам" деген атты алып жүргөн ар бирибиз жакшылыкта гана өмүр сүрөлү.

Дагы бир жолу Жаңы жылыңыздар менен!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
bek_tash
2018-12-31 17:20:32
Жаңы-Жылыңыздар менен!!!
+1
Ankel
2018-12-31 20:58:10
Рахмат super.kg порталы. Кыргызстандагы эң кызыктуу сайт деп атасам адашпасам керек. Жаңырган жылда дагы көптөгөн ийгиликтерди, жаңы идеяларды ишке ашырууңарга тилектешмин урматтуу ушул сайттын кызматкерлери. Майрамыңар куттуу болсун!
0
talant87
2019-01-01 00:22:39
Жаны жылынар менен КЫРГЫЗ элим супер инфо жааматы дайым элдин ишенимине кирген гезит сайт болгула жаны жылынар менен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан