Африка материгинин "Мыкты оюнчу" наамына сунушталып жаткан алдыңкы 3 футболчунун аты аталды. Алар египеттик Мохаммед Салах ("Ливерпуль"), сенегалдык Садио Мане ("Ливерпуль") жана габондук Пьер-Эмерик Обамеянг ("Арсенал"). Аталган маалыматты футбол боюнча Африка Конфедерациясы жарыялаган.
Маалыматка караганда, 2017-жылы да аталган футболчулар үчтүккө кирип, Салах "Мыкты футболчу" деп табылган.
"Сыйлык тапшыруу аземи 8-январда Сенегалдын Дакар шаарында болуп өтөт", - деп жазылат маалыматта.