"Ювентус" футболдук клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду 5-ирет "Globe Soccer Awards" сыйлыгынын "Жылдын мыкты футболчусу" аталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Сыйлоо аземи кечээ, 3-январда Дубай шаарында өттү. "Жылдын мыкты футболчусу" наамы үчүн Криштиану Роналду, "Атлетико" футболдук клубунун чабуулчусу Антуан Гризманн жана ПСЖ клубунун чабуулчусу Килиан Мбаппе ат салышкан. Жыйынтыгында былтыркы сезондо "Реал Мадрид" менен Чемпиондор Лигасын жеңген Криштиану Роналду жылдын мыктысы аталды. Роналду буга чейин аталган сыйлыкка 2011, 2014, 2016 жана 2017-жылдары жетишкен.
Ошондой эле аземде "Жылдын мыкты машыктыруучусу" Дидье Дешам аталды. Ал Франция курамасы менен Орусияда өткөн футбол боюнча Дүйнө чемпиондугун жеңип алган. "Жылдын мыкты футболдук клубу" наамына испаниялык "Атлетико" татыды, ал 2017-2018-сезондо Европа Лигасын жеңип алган.