Кара-Сууда күйөө баласы кайненесинин чекесине, санына жана колдоруна бычак сайып салды

Ош облусунун Кара-Суу районунда күйөө баласы кайненесинин чекесине, санына жана колдоруна бычак сайып салды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарланды.

Билдирүүгө ылайык, 3-январда Кара-Суу РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө телефон аркылуу Кара-Суу районунун Э.Д. аттуу тургуну денесинен бир нече жаракат алып, Ош облустук ооруканасына түшкөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн.

"Текшерүүнүн жүрүшүндө 44 жаштагы аялдын үйүнө күйөө баласы келип, эч себепсиз анын чекесине, колдоруна жана санына өзү ала келген бычак менен бир нече жолу сайып жиберген. Анын кесепетинен аял денесинен оор жаракат алган. Э.Д.нын алган жаракатын аныктоо боюнча соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, сотко чейинки жазык иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.

Анда белгиленгендей, бул кылмышка шектелип кармалган адам Кара-Суу районунун 21 жаштагы тургуну. Иш Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Lukman-Hakim
2019-01-07 18:39:06
Бул жигит Россияда кыргыздардын акчасын тоноп кеткен жигит эмеспи? Сүрөтүнөн окшош экен. Эгер ошол болсо иши өтө оор.
+4
lenovo820
2019-01-07 19:16:47
Lukman-Hakim,ошол балаго, 100 миндей рубль уурдап кетти деп атышат эле
0
gulmira12345
2019-01-07 19:33:08
Lukman-Hakim,ошого окшош экен
0
Jaziko80
2019-01-08 10:44:35
gulmira12345,ошол эле
0
Jaziko80
2019-01-08 10:44:19
Lukman-Hakim,им ошол балаго. Ушу мыкаачы мн коркпой жашап жургон кыргызыма рахмат
+1
Jasa
2019-01-08 05:16:07
Акыркы убакта кайнене кайнатадан оч алган куйоо сооройлор кобойду,жашоо болбойбу кызы менен тынч эле кете бер ажырашып,созсуз зыяныны тийгизбей.
+3
Altai85
2019-01-08 07:20:53
Бул Кыргыз эмес жеендер окшойт туру норкаман корунотго.
+2
Jaziko80
2019-01-08 10:45:00
Altai85, ошо москвалыктар жээндер деп айтышкан го
0
salman-dastan
2019-01-08 19:19:59
Altai85, жээндер дегенинер кимдер?
0
maratbek88.88
2019-01-08 19:35:21
salman-dastan,жээндер деген озбектер
+2
salman-dastan
2019-01-08 19:20:30
Кара-Суунур каеринде болгон окуя экен бул?
0
Berkut-89
2019-01-08 21:17:00
Чет, чеке, чекеге, бул создордун мааниси башка
0
Алина Айдарбекова
2019-01-09 09:25:07
Berkut-89, саламатсызбы! Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүндө бул сөз 2 мааниде берилген.
чеке
зат. 1. Баш сөөктүн үстүнкү бет жак бөлүгү, маңдай. Биздин арык казгандар Чекеси тердеп суу аккан (Турусбеков).
2. Кандайдыр бир нерсенин чети, бир тарабы, бөлүгү. Кийиз сатсаң айлыңа сат, бир чекесин жамына жат (макал).
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан