Токмок шаарындагы батирлердин биринен 62 жаштагы кишинин жансыз денеси табылды

Токмок шаарындагы батирлердин биринен 62 жаштагы кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, 7-январь күнү саат 19:48де министрликтин №21-аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Токмок шаарындагы 3-кичи районунда жайгашкан №76-үйдөгү батирлердин биринин бекилип калган эшигин ачып беришкен. Ошол учурда батирдин ичинен 1957-жылы туулган И.А аттуу эркек кишинин жансыз денеси табылган. Куткаруучулар маркумдун жансыз денесин милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
allia
2019-01-08 16:31:06
Сүрөтүн киргизбейсиңерби?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан