1-январда "Эреже бузуу жөнүндө" кодекс күчүнө кирген. Ага ылайык, коомдук жайларда түкүргөндөргө, тыюу салынган жерлерде тамеки чеккендерге айып пул салынат. Мындан тышкары жол эрежелерин бузгандарга салынган айып пулдун көлөмү мурдагыдан жогорулаган. Мындай чечим коомчулукта кайчы пикирлерди жаратып, каршы чыккандар менен аны колдогондордун ортосундагы талкуу токтой элек. Бул арада жаңы тартипти жактырбагандар тамаша-чыны аралаш түрдүү вайн тартып, интернет желесине таратууда. Кырнетти каптаган видеолор топтомун SUPER.KG окурмандарына сунуштайт.
Түкүргөн адамдарга 5500 сом айып салуу кызуу талкууланып жатканда, Ак Үйдүн астына барып атайын түкүргөн жигит интернетке видеосун жүктөдү. Анын бул жоругун айрымдар туура десе, арасында адепсиздик катары сыпаттагандар да болду. SUPER.KG порталы мындай кадамга барган Рамис Закирияевден эмне себептен Ак Үйдүн астына барып түкүргөнүн сурап, жооп алган. Ошентип Кырнетте түкүрүктөн да хайп жараткандар болду...
Ал эми куудул Борончу Кудайбергенов өзүнүн жеке баракчасына түкүрүктөн акча топтоонун жолун сунуштап, өкмөткө тамаша иретинде кайрылган видеосун жүктөгөн. Куудулдун бул "сунушу" "жаңы тартип чиновниктердин чөнтөгүн толтуруу үчүн кабыл алынды" дегендерге жагып, көптөгөн билдирүүлөрүн калтырышкан.
"Эл көп түкүрсө өлкөнүн Кытайга болгон карызынан кутулабыз"
Мындай тариздеги видеомонтаж жаңы тартип күчүнө кирери менен интернетти аралап жөнөдү. Видео ким тарабынан даярдалганы белгисиз болгону менен, "6 миллион эл 3 жолудан түкүрсө Кытайга болгон карыздан кутулабыз" деген логикасы - "кайра эле карапайым калктын капчыгын кагуу" деген өңүттөгү пикирлерди жаратты.
"Баланын ою оюнда, эненин ою түкүрүктө"
Жыл жаңырары менен тартиптин күчөшү төмөндөгү видеонун жаралышына себеп болду. Анда Кыргыз өлкөсүндөгү пенсиянын өлчөмү менен айып пулдардын суммасы салыштырылган.
"Тамашоучу", актёрлор Самат Эркинбеков менен Кубаныч Курманбековдун да түкүрүк жөнүндөгү тамашасы интернетке тарап, элди жылмаюуга аргасыз кылды.