Кечээ, 1-январдан тартып айрым жол эрежелеринин бузулгандыгы үчүн төлөнүүчү айып пулдун өлчөмү көбөйтүлдү. Ички иштер министрлигинен кабарлангандай, Административдик кодекске буга чейин киргизилген өзгөрүүлөр ушул жылдан тартып күчүнө кирди.
Мындан ары:
* Техникалык мүчүлүштүктөрү бар, пайдаланууга уруксат берилбеген унааны айдагандарга 5 миң 500 сом;
* Милдеттүү техникалык кароодон өтпөгөн унааны айдагандарга 3 миң сом;
* Мотошлем жана коопсуздук курун тагынбай калктуу аймакта машина айдагандарга 1000 сомдон, ал эми ушул эле эреже калк жашабаган аймакта бузулса 3000 сом;
* Мас абалында унаа башкаргандарга 17 миң 500 сом;
* 40 чакырымдык ылдамдык чегин бузган айдоочуларга 7 миң 500 сом;
* Айдоочунун мастыгын аныктоого каршылык көрсөткөндөргө 5 миң 500;
* "Тез жардам", өрт өчүрүүчү, куткаруучулардын унааларына жол бошотпогондорго 5 миң 500 сом;
* Мас абалындагы адамга унаасын бергендерге 15 миң сом;
* Айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкаргандарга 5 миң 500 сом айып салынат.