КҮНСЕРЕП: Жээнбеков Текебаевге ырайым кылуудан баш тартты

Бүгүн, 10-январь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Чаткалдын Терек-Сай айылында алтын казган компаниянын унаасында бараткан жаран октон каза тапты. Жалал-Абад ОИИБинин маалыматына таянсак, аны 25 жаштагы жергиликтүү тургун атып салган.

Аймакта алтын казган "Чаарат ЗААВ" фирмасына таандык оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу менен Терек-Сай айылынын Аскат аттуу тургуну чырдаша кетип, ал жигит айдоочунун жанында бараткан жүргүнчүнү атып салган. Терек-Сай айылында акыркы учурда жаӊжал басылбай жатат. Буга чейин жергиликтүү тургундар аймакта алтын казган "Эти Бакыр" фирмасынын аймагын кайтарган кызматкерлерди сабап, 16 жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Алардын 13ү жакында үй камагына чыгарылып, калганы 1 айга камакта калган. Жашоочулар аталган фирма өз милдеттемесин толук аткарбай жатканын айтышууда. Бул жаӊжал өкмөт менен жергиликтүү элдин ортосунун алыстыгын ачыктаган дагы бир окуя болду. Инвестор менен элдин мамилесин бекемдеп, шектүү жагдайларга жол бербөө, жаралган кемчиликтерге өз убагында чара көрүү өкмөттүн түз милдети. Бирок кен иштетүүгө байланыштуу жергиликтүү элдин эскертүү, кайрылууларына бийликтен өз убагында реакция жасалып, жыйынтык чыгарылбай жатат. Ошонун кесепетинен былтыр нааразы топ Тогуз-Тородо "Макмал" фирмасынын имаратын өрттөп жиберишкен. Ушул окуядан кийин гана өкмөт кыймылга келип, кырдаалды териштирүүгө активдүү киришкен. Кен иштетүүгө байланыштуу бир эле Чаткалда эмес, Таласта, Нарында, Баткенде да чыр чыгып, жергиликтүү эл бийликти инвесторго кошо өлкөнүн да кызыкчылыгын коргоого чакырууда. Мындай окуялар сөзсүз түрдө Кыргыз жерине келчү инвесторду чочулатат. Бизнес жүргүзүүгө ыӊгайлуулук боюнча Кыргыз өлкөсүнүн дүйнөлүк рейтингде арткы орундардан көтөрүлө албай жатканынын бир себеби да ушул десе болот. Мисалы, 2018-жылы "Forbes" басылмасынын рейтингинде Кыргыз өлкөсү бизнес жүргүзүүгө ыңгайлуулук боюнча 161 өлкөнүн ичинен 108-орунду ээледи. Өкмөттүн "ишкерлерге шарт түзөбүз, алар өздөрүн суудагы балыктай эркин сезе тургандай деӊгээлге жетебиз" деген убадасы жомок бойдон калууда...

Президентке караштуу Ырайым кылуу иштери боюнча комиссия Өмүрбек Текебаевге ырайым кылуу боюнча парламенттеги фракция лидерлеринин жана Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаеванын өтүнүчүн орундатуудан баш тартты. Ырайым кылуу үчүн Текебаевдин өзүнүн макулдугу керек экени айтылды.

Ошентип Текебаев аз күндө эркиндикке чыгышы мүмкүн деп бийликтен үмүт кылгандардын ою оӊунан чыкпады. Азыркы бийлик Текебаевдин абактан акталып чыгышына мүмкүндүк бербей, анын эркиндикке баатыр эмес, күнөөсүн моюнга алган кылмышкер катары чыгышын каалай турганы байкалып калды. Ал эми Текебаев өзүнүн күнөөсүз экенин, президенттен ырайым сурабай турганын айтып келе жатат. Ага ачылган кылмыш ишин кайра кароого Башкы прокуратура буга чейин уруксат берген эмес. 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген жаӊы кодекстерге ылайык, "Ата Мекендин" лидери жакын арада боштондукка чыгары жөнүндө сөздөр тараган эле. Учурда Текебаевдин адвокаттары "бийлик Текебаевди 2020-жылдан эрте чыгарбайт деген маалыматтар түшүүдө" деп жарыялай башташты. 2020-жылы өлкөдө парламенттик шайлоо өтөт. Бүгүнкү күндө Текебаевдин эркиндикке чыкпай жатышынын себеби эл адилеттүү деп санабаган соттук чечимдер эле эмес, күчтүү саясатчыны шайлоого жолотпоо экени ачык эле айтылып, сындалып жатат...

Өзбекстанда президент Шавкат Мирзийоевдин демилгеси менен 2019-жыл "Активдүү инвестициялар жана социалдык өнүгүү жылы" деп жарыяланды. Логикага ылайык Өзбекстанда 2018-жылы жасалган реалдуу иштердин уландысы күтүлөт.

Акыркы 2 жылда Мирзийоев өлкөсүнө инвестиция тартууда активдүү иштеп, масштабдуу долбоорлорго старт бергени - факт. Айрымдарын санай кетели. 2017-жылы Орусия менен 15 миллиард долларлык, ушул эле жылы Кытай менен 23 миллиард долларлык жүздөн ашык келишимге кол коюлган. 2018-жылы президент Мирзийоев АКШга биринчи иш сапарында Өзбекстан менен АКШнын ортосунда 4,8 миллиард долларлык келишим түзүп кайтты. Өткөн жылы Өзбекстанда баасы 11 миллиард долларды түзгөн Борбордук Азиядагы алгачкы атомдук электр станциянын курулушуна старт берилди. 2019-жылы да Өзбекстанга инвестиция тартууга өзгөчө көӊүл буруларын коӊшу өлкөнүн президенти так билдирди. "Активдүү инвестициялык саясат жүргүзгөн өлкөлөр гана өнүгүүдө ийгилик жарата аларын дүйнөлүк тажрыйба көрсөтүүдө. Биздин максат - Өзбекстанда жашаган ар бир адамдын жашоо шартын жакшыртуу", - деди Мирзийоев. Айтымында, 2018-жылы Өзбекстанда мамлекеттик программанын алкагында 1 триллион сум жана 1 миллиард долларлык 76 миӊ долбоор ишке ашырылды.

Кыргызда 2019-жыл "Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы" деп жарыяланды. 2018-жыл да президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен өлкөдө "Аймактарды өнүктүрүү жылы" деп жарыяланган. Бирок элеттин абалы мурдагы бойдон эле калды, айыл-шаарларды өнүктүрүүнүн локомотиви болуучу ири завод-фабрикалар курулган жок. Элдин эсинде "аймактарды өнүктүрүү жылынын урматына" деп өткөрүлгөн окшош жыйындар, бекер концерттер, футболдук беттештер гана калды. Элетте иш жоктугу үчүн чет жерге агылган Кыргыз жарандарынын аягы суюлбай жатат. Ал эми өлкөгө инвестиция кирбей калганын оппозиция эмес, Жогорку Кеӊештеги башкаруучу коалициянын депутаттары айтып жатышат. Финансист депутат Акылбек Жапаров 2018-жылы өлкөгө кирген түз инвестиция 25 пайызга азайып кеткенин айтат. Уттуруу андан да жогору экенин Улуттук статистика комитети ырастады. Мекеменин маалыматына таянсак, өткөн жылдын 9 айында эле өлкөгө кирген инвестициянын азайышы 31 пайызды түзгөн.

Президент баш болуп бардык чиновниктер инвестициясыз өлкөнү өнүктүрүү мүмкүн эместигин айтып жүрүшөт. Ал эми бүгүнкү инвестициялык абал Кыргыз өлкөсүндө 2019-жылы деле экономикалык өсүш күтүшү күмөн экенинен кабар берет...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан