Ысык-Көлдө чөнтөк телефону жарылып кетип денеси күйүп калган балага бүгүн акыркы операция жасалат

Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Кажы-Сай айылында чөнтөк телефону жарылып кетип, денеси күйүп калган Айдинге бүгүн жыйынтыктоочу акыркы операция жасалат. Бул тууралуу Айдиндин апасы Жаркынай Ишенбаева SUPER.KG'ге билдирди.

"Ден соолугу жакшы болуп калды. Бүгүн уулума акыркы операция жасалат. Анын эки санына жана көкүрөгүнө операция жасалуусу күтүлүүдө. Өзүнүн абалы жакшы, буюрса, жакынкы күндөрү ооруканадан чыгабыз", - деди Ишенбаева.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

24-ноябрда Айдин райондук ооруканага денесинин 30 пайызы күйүп оор абалда түшкөн. Окуя Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Кажы-Сай айылында болгон. Айдин окуядан бир ай мурун колдоно баштаган Nokia X1 үлгүсүндөгү телефону менен сүйлөшүп бүткөн соң аны жерге түшүрүп алган. Жерден алып сол чөнтөгүнө салгандан кийин телефон жарылып кеткен. Жарылуу болгон учурда ал синтетикалык кездемеден тигилген шым кийип жүргөн, мындан улам шым бат күйүп, денеге залал келтирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан