Ысык-Көлдө окуучунун телефону жарылып, денеси күйүп калды
Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Кажы-Сай айылынын тургунунун чөнтөк телефону жарылып кетип, ал оор абалда ооруканага түшкөн. Мындай маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы тастыктады.
Маалыматка караганда, бейтап ооруканага 24-ноябрда түшкөн. Ал бир ай мурун колдоно баштаган Nokia X1 үлгүсүндөгү телефону менен сүйлөшүп бүткөн соң аны жерге түшүрүп алган. Жерден алып сол чөнтөгүнө салгандан кийин телефон жарылып кеткен.
"14 жаштагы Айдин аттуу бейтап ооруканага денеси күйүп, оор абалда түшкөн. Анын денесинин 30 пайызы химиялык күйүк алган. Азыркы тапта палатага которулду, абалы туруктуу", - деп билдиришти маалымат кызматынан.