Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Индияга болгон сапары белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева социалдык түйүндөгү баракчасына жарыялады.
Кундуз Жолдубаева мындан саясат жасабоону суранды.
Буга чейин Алмазбек Атамбаев 11-январда Индияга бара турганы айтылган. КСДПнын өкүлү Атамбаев кыска мөөнөткө эмгек өргүүсүнө чыгып, партиянын иштеринен сырткары эс ала турганын тастыктаган. Ал Алмазбек Атамбаев Индияда эч кандай расмий жолугушуу өткөрбөй турганын, жеке эс алуу максатында гана кетип жатканын кошумчалаган.