Бүгүн, 10-январда Бириккен Араб Эмираттарында Азия Кубогунун 2-туру старт алды. Анда Аль-Айн шаарында Иордания менен Сирия курама командалары кездешти.
"В" тайпасында күч сынашкан командалар "Халифа Бин Зайед" стадионунда кез келип, беттеш 2:0 эсебинде Иорданиянын жеңиши менен аяктады. Бул беттеште Иордания курамасы оюндун тагдырын 1-таймда эле чечип коюшту. Анда 26-мүнөттө Муса аль-Тамари гол жаратса, 43-мүнөттө Тарек Хаттаб айырмаланганга жетишкен.
Муну менен Иордания курама командасы 2:0 эсебинде жеңишке жетип, "В" тайпасында 6 упай менен алгачкылардан болуп кийинки баскычка өттү.
"В" тайпасынын жадыбалы:
1-орун: Иордания - 6 упай;
2-орун: Палестина - 1 упай;
3-орун: Сирия - 1 упай;
4-орун: Австралия - 0 упай.