Футбол боюнча Азия Кубогунда катыша турган командалардын акчалай сыйлыктары белгилүү болду. Бул тууралуу Азия футбол конфедерациясы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 5-январында Бириккен Араб Эмираттарында баштала турган футбол боюнча Азия Кубогунун катышуучулары 200 миң доллардан акчалай сыйлык алат. Мелдештин жарым финалына чыккан командалар 1 миллион доллардан алса, 2-орунду ээлеген команда 3 миллион доллар жана Азия Кубогунун жеңүүчүсү 5 миллион доллар акчалай сыйлыкка ээ болот.
Белгилүү болгондой, Кыргыз улуттук курама командасы Азия Кубогунда "С" тайпасында Түштүк Корея, Кытай жана Филиппин курама командалары менен ойнойт.