Индия-Кыргыз беттешинде футболчу Антон Землянухиндин кабыргасы сынганы маалым болду

Индия-Кыргыз беттешинде футболчу Антон Землянухиндин кабыргасы сынып, өпкө тушуна катуу сокку алган. Бул тууралуу футболчу интернеттеги баракчасына жарыялады.

Айта кетсек, 13-июнда Азия Кубогунун финалдык баскычына чыгуу үчүн Кыргыз футболчулары Индиянын футболчулары менен беттеш өткөргөн.

Оюндун алгачкы мүнөттөрүндө Кыргыз курама командасынын жарым коргоочусу Антон Землянухин Индиянын дарбазачысы менен кагылышканда жаракат алган. Ал оюнду уланта албай, анын ордуна футбол талаасына Эдгар Бернхард чыккан.

Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясы Антон Землянухинди дарыгерлер оюн талаасынан көтөрүп чыгып кетишкенден кийин ооруканага жеткиришкенин кабарлаган. Индия-Кыргыз беттешинде Индия курамасы өз үйүндө 1:0 эсеби менен жеңишке жеткен.

Индия-Кыргыз беттешинде футболчу Антон Землянухиндин кабыргасы сынды
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
jakilik
2017-06-16 01:29:23
Ким утту ???
-1
Dybala.
2017-06-16 02:03:59
jakilik,биздин футболчулар Индияга фора берип койду 1-0 Индияга утулуп берип коюшту
0
bekov01
2017-06-16 03:13:31
Сакайып кетсин. Командабызга керек ойунчу
+4
kychan.98
2017-06-16 04:11:40
Эркетайлар
-1
nur_zhoni
2017-06-16 07:31:02
Кийинки оюнда женет индияны буйурса
0
ekaterinburg
2017-06-16 07:37:29
Кыргызча кылып желим ботолко уйлош керек.Эмне дейбиз,айыгып кетсин эми!
+2
Abdi99
2017-06-16 08:15:23
Сакайып кетсин
0
FCBMESSI
2017-06-16 08:58:39
Айыгып кетсин
0
grace
2017-06-16 12:28:32
Тезирээк сакайып кетсин Антон.
0
pixduel1
2017-06-16 14:02:23
23- номердеги эмне эле атырылат? Зоокурго окшоп тебип алып (((( айыгып кетсин байкуш...
0
anuvar0903
2017-06-16 14:15:48
Атайлаган го
0
Ulan2601
2017-06-16 16:43:10
Прямой красный карточка болчу судья жаш окшойт топко ойногон жок секирип эле бир тееп жыгытып салды
0
bekov01
2017-06-16 18:08:36
Антондун ылдамдыгы абдан жакшы. Коргоочуларды ашып отуп бара жаткан. Егер тигил оюнчу жапайы жырткычтай ереже бузбаганда антон гол киргизууго 90% жакындап калган
+1
Muslim_KGstana.
2017-06-16 21:42:36
Чмо шука дарбазачы
0
Orozbekadylzhanuulu
2017-06-17 05:31:58
Кийинки индия кыргызстан беттешинде силер да индия оюнчуларына ушундай мамиле кылгыла индия оюнчуларынын бироосунун бир жерин узо койгулачы чыдабастарга судия кызыл карточка бериш керек эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан