Жогорку Кеңештин депутаттары 8-11-январга чейин аймактардагы шайлоочулар менен жеринен иш алпарышууда. 10-январда эл өкүлдөрүнүн Өзгөн районундагы иш сапарында жергиликтүү тургундар "Цзинь Лун" жоопкерчилиги чектелген компаниясынын ишмердүүлүгү боюнча нааразычылыктарын билдиришкен.
Алардын айтымында, аталган компания казылып алынган кара алтындын калдыктарын суу жээгине төгүп койгондуктан, аккан суу булганып, адамдардын саламаттыгына коркунуч жаралууда. Андыктан маселени чечүүгө көмөктөшүүнү өтүнгөн айыл тургундары, буга жол берген тиешелүү мамлекеттик органдардын жоопкерчилигин кароону сунушташты. Кырдаал көзөмөлгө алынарын депутат Аида Касымалиева айтты.
"Чагымчылдыкка алдырбастан, маселени мыйзам чегинде чечүүгө болот", - деди Касымалиева.
Ал эми “Цзинь Лун” жоопкерчилиги чектелген компаниясынын өкүлү Өмүрбек Касымбеков кетирилген кемчиликтерди эске алуу менен бир ай аралыгында калкты таза суу менен камсыздоо иши аткарыларын убада кылды.