Кыргыз-Түштүк Корея курама командаларынын беттешинен фоторепортаж

11-январда Бириккен Араб Эмираттарынын Аль-Айн шаарында Кыргыз улуттук курама командасы Түштүк Корея курамасы менен кездешти.

"Хазза бин Зайед" стадионунда орун алган беттеште, тилекке каршы, кыргыз футболчулары жеңилүү ызасын таптып калышты. Анда кореялык футболчулар 42-мүнөттө эсеп санын 0:1 кылган. Оюнда Кыргыз жана Корея курама командасында тең эсепти өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк бар болгон, бирок командалар аны ишке ашыра алган жок.

Муну менен "С" тайпасында 2-турдун жыйынтыгында командалар төмөнкү орундарды алышты:

  • 1-орун: Кытай курамасы - 6 упай. Киргизген голдору - 5;
  • 2-орун: Түштүк Корея курамасы - 6 упай. Киргизген голдору - 2;
  • 3-орун: Кыргыз курамасы - 0 упай. киргизген голу - 1;
  • 4-орун: Филиппин курмасы - 0 упай. Гол киргизген эмес.

Белгилүү болгондой, Азия Кубогунун жарым чейрек финалына тайпалык баскычта 1-2-орундарды ээлеген командалар жана 3-орунду ээлеген 4 команда өтө алат. Эми Кыргыз улуттук курама командасы 3-турда Филиппин курама командасын ири эсепте жеңип алса кийинки баскычка өтүп кетиши мүмкүн.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
nazarnew
2019-01-12 07:38:15
Байматов ойнош керек болчу,
-1
Modric10
2019-01-12 10:23:23
nazarnew,ал созу менен эле мактанат
+3
kansuluu
2019-01-12 11:34:41
Кутман азаматсын!Сен топту тоскондо,журоктор жарылып кетейин деп суйунуп жаттык!Анык АК шумкарсын!
+5
aza84
2019-01-12 12:33:34
Чын эле Азамат эмнеге жок
0
Yryss0001
2019-01-12 13:47:29
aza84,Байматовдун травмасы бар ошол
Учун катышкан жок
-1
Modric10
2019-01-12 13:31:23
Кичин менен Кутман мыкты болду. Азамат жаны уйлонгон адам болуп Кыргызстан учун салым кошподун .дагы 7-номермин Роналдумун дейт.кана корсотпойт белен онорунду
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан