Филиппин курамасынын машыктыруучусу: "Кыргыз курамасын жеңип алабыз деп ишенем"

Кыргыз курамын жеңип алабыз деп ойлойм. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда Кыргыз-Филиппин беттешинин алдындагы маалымат жыйында Филиппин курамасынын башкы машыктыруучусу Свен-Ёран Эрикcсен айтты.

Башкы машыктыруучу журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, төмөнкүлөргө токтолду:

"Бул беттеш биздин командабыз үчүн оңой болбойт. Эки командада тең мүмкүнчүлүктөр бар жана экөө тең кийинки этапка өтөт деп ишенип жатат. Кыргыз курамында мыкты футболчулар бар, чабуулчулар, коргоочулар жакшы ойношот. Өзгөчө Бернхардтты жана Сагынбаев менен Жыргалбек уулун белгилеп кетким келет. Дагы бир кайталап кетейин, азырынча Кыргыз жана Филиппин курамалары жарым чейрек финалга чыгып, 16 мыкты команданын катарын толуктаганга мүмкүнчүлүктөрү бар. Ал үчүн беттеште эле жеңишке жетпей, башка беттештердин жыйынтыгын күтүш керек. Биз бул беттеште жеңишке жетебиз деп ойлойм", - деди башкы машыктыруучу.

Белгилүү болгондой, Кыргыз-Филиппин беттеши футбол боюнча Азия Кубогунун 3-турунун алкагында 16-январда өтүп, Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарындагы "Рашид" стадионунда орун алат. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 19:30да болот.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
umar.kgz
2019-01-15 18:15:31
Кытайга 3:0гө утулуп алып кантип ишенесин,Филиппин-Кыргызстан 0:4 Акшумкарлар алга!!!!
+6
Azamatisatoroev
2019-01-15 18:42:50
Алдын ала эчтеке айтпагылачы силер кайактан билесинер
+6
Zidan2
2019-01-15 18:53:02
Кыргызстан,Филиппин буга чейин,эки беттеш окоруптур. 1-0 Жана 2-1 эсебинде Кыргызстан женилиптир
+4
trabzon11
2019-01-15 20:04:57
Топ тоголок бирде жеңилет бирде жеңет.Кудай буйруса кыргызстан жеңет ишенем
+3
nurbek11
2019-01-15 21:48:51
Менин ак шумкарларым сиздерден бир гана жениш кутобуз. Алга ак шумкарларым менин алга Кыргызстаным. Арканардан биз колдоп кубаттап турабыз.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан