Бүгүн, 27-мартта Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Азия Кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында өткөн Кыргыз-Индия футболдук беттеши Кыргыз курамасынын жеңиши менен аяктады.
Оюнду көрүү үчүн 2 команданын тең көптөгөн күйөрмандары келген эле. Беттеш футбол сүйүүчүлөрдүн сүрөөн-кыйкырыгы менен коштолуп, кызуу өттү. Соңунда 2:1 эсеби менен Кыргыз футболчулары жеңишти багындырды. Бул учурда Кыргыз курамасынын күйөрмандары кубанычтарын жашырбай, ордуларынан обдула туруп сүйүнүштү. Оюн жыйынтыкталып эл тараган учурда күйөрмандар жеңиштен кийин көтөрүңкү маанайда, добулбас уруп, кубанычтуу тарады.
Буга чейин беттешти көрүү үчүн билеттер 300 сомдон 600 сомго чейин сатылгандыгы, андан тышкары көптөгөн көрүүчүлөр стадиондун сыртында калганы маалымдалган.