Футбол боюнча Азия Кубогунун плей-офф баскычына чыккан бардык командалар аныкталды. Анда 17-январда Бириккен Араб Эмираттарында тайпалык баскычтын соңку беттештери орун алган. Бул күнү мелдештин "Е" жана "F" тайпаларынын оюндары өттү.
"Е" тайпасында Сауд Арабиясы менен Катар жана Ливан менен Түндүк Кореянын курама командаларынын беттештери өттү. Катар курамасы Сауд Арабиясынын дарбазасына 2 гол киргизип жеңишке жетсе, Ливан курамасы 4:1 эсебинде Түндүк Кореяны жеңип алды.
"F" тайпасында Япония-Өзбекстан менен Оман-Түркмөнстан беттештери өттү. Япония командасы Өзбекстанды 2:1 эсебинде утуп алса, Оман курамасы Түркмөнстанды 3:1 эсебинде утту.
Муну менен Азия Кубогунун тайпалык баскычы жыйынтыкталып, жарым чейрек финалга өткөн бардык командалар аныкталды. Белгилүү болгондой, мелдештин 1/8 финалына ар бир тайпадан 1-2-орунду ээлеген жана 3-орунду ээлеген 4 курама команда өттү.
Кыргыз улуттук курама командасы Азия Кубогунда "С" тайпасында жайгашкан. Кыргыз футболчулары Кытай менен ойноп 1:2 эсебинде жеңилип, 2-турда Түштүк Кореяга 0:1 эсебинде утулуп калган. 3-турда футболчуларыбыз Филиппин курама командасы менен беттешип, 3:1 эсебинде утуп алышкан. Бул беттеште 3 голду тең Виталий Люкс киргизип, өзүн мыкты көрсөттү.
Кийинки беттешти Кыргыз улуттук курама командасы Бириккен Араб Эмираттарынын курама командасына каршы өткөрөт. Беттеш 21-январда Абу-Даби шаарындагы "Зайед спорт сити" стадионунда орун алат.
Ошентип футбол боюнча Азия Кубогунун жарым чейрек финалына төмөнкү командалар өттү: