Мамлекеттик каттоо кызматы жасалмалоого мүмкүн болбогон пластиктен жасалган жаңы айдоочулук күбөлүктөрдү бере баштайт

Мамлекеттик каттоо кызматы транспорттук каражаттарды, айдоочулук курамды каттоо боюнча атайын бланкалык продукцияны жана жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдү иштеп чыгууда. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кеңешме өткөргөнүн өкмөттүк аппараттын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, кеңешменин жүрүшүндө өкмөт башчыга айдоочунун жекелигин идентификациялоочу эл аралык талаптарга дал келген жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдү берүү үчүн көрүлүп жаткан даярдык иштери жөнүндө маалымат берилди. Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен жакшыртылган дизайн жана көптөгөн коргоочу элементтер менен сунушталат.

"Бүгүнкү күндө Мамлекеттик каттоо кызматы транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча атайын жаңы бланкалык продукциянын жана айдоочулук күбөлүктөрдүн техникалык спецификасын, эскиздерин жана схемалык сүрөттөлүшүн иштеп чыкты. Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр жасалмалоого мүмкүн болбогон жогорку сапаттагы пластиктен жасалат. Бул Кыргыз Республикасындагы айдоочулук күбөлүктөрдүн төртүнчү мууну болуп саналат. Анын пландаштырылган колдонуу мөөнөтү 10 жыл. Ошондой эле пластикалык карталар түрүндөгү транспорттук каражаттарды каттоо жөнүндө жаңы күбөлүктөрдүн киргизилиши пландаштырылууда", - деп айтылат маалыматта.

Анда белгиленгендей, жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдү ишке киргизүү Кыргыз Республикасындагы жол коопсуздугун реформалоо боюнча иш-чаралардын тизмесинде каралган.

Учурдагы айдоочулардын күбөлүгү мөөнөтү бүткүчө жарактуу саналат, ыктыярдуу түрдө гана алмаштырылат.

"Ошондой эле, белгилеп кетүүчү нерсе, айдоочулук күбөлүктү жана атайын бланкалык продукцияны персонификациялоо жеке компаниядан мамлекеттик мекемеге өткөрүлөт. Буга байланыштуу атайын бланкалык продукциянын наркы болжол менен 40-50 пайызга төмөндөтүлөт, анткени бланкалык продукцияга карата баанын түзүлүшүндө жеке компаниянын кирешеси эсептелбейт", - деп жазылган маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Mikra
2019-01-13 14:08:07
Менин правам без срокда качан алмаштыра алам мен.без сроктор кандай кылат.
+2
Azatbek.Svoboda.
2019-01-13 17:59:35
Силер биринчи паспортту ошондой кылсанар болмок! Улутун да жазгыла оногулар уят кылып бутушту бизди!
+3
Azatbek.Svoboda.
2019-01-13 18:04:37
Казанский вокзалда ошону да жасап койушат именно биздин права бергендер секретин сатышат паспортту саткандар! Паспортту жасатып праваны жасатып биздин жаран болуп эле жургондор канча?! Булардын правасы жакшы таксиге иштегенге дешип жыргап журушот!
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан