"Ош базарындагы" төртүнчү жолку катталган өрт кырсыгынан күйүп кеткен жайдын чатыры жаңыланып, пайдаланууга берилди. Бирок 500 чарчы метр аянтты ээлеген кийим-кече саткан базардын ичинде соода орундары бөлүнүп, ичи толук жасалып бүткөн эмес. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда SUPER.KG порталына аталган өрт кырсыгынан жабыркаган соодагерлердин бири билдирди.
"Башында күйүп кеткен соода орундар декабрь айынын аягына чейин толук жасалып бүтөт деп айтылган. Бир жума мурун бул жакка көчүп кирдик. Ага чейин аргасыздан жолдун боюнда соода кылып келгенбиз. Бул жердин жетекчилиги болгону күйүп кеткен жайдын чатырын жаңылады. Учурда товар коё турган текчелер жасалмак турсун, соода орундары бөлүнгөн эмес. Мүмкүнчүлүгү бар соодагерлер ордуларын өз каражатынан жасатып жатат, ал эми көпчүлүгү жадакалса жаңы товар алууга мүмкүнчүлүгү жок базарга чыга элек. Мисалы, азыр текчелерди жасатуу үчүн 20 миңден 50 миң сомго чейин акча керектелет. Жардам тууралуу эч кандай кеп да козголгон жок", - дейт соодагер.
Айта кетсек, бул өрт кырсыгынан жабыркагандарга келтирилген чыгымдар эсептелинип бүтө элек. Ал эми өрт чыккандан кийин жабыркагандардын чыгымдары, өрттүн келип чыгуу себептерин тез арада аныктала турганы айтылган болчу.
Окуянын чоо-жайына кайрылсак:
"Ош базарында" 4-декабрга караган түнү чыккан өрттөн 40ка жакын соодагердин соода орду толугу менен күйүп кеткен. Аймактык тескөөчү окуядан бир күн мурун базар жабык болгонун жана ширетүү иштери жүргүзүлгөнүн билдирген.