ЖЫЛНААМА, 14-ЯНВАРЬ: 25 жыл мурун Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Герби кабыл алынган

1994-жылы 14-январда "Легендарлуу парламент" атыккан Жогорку Кеңештин жыйыны мамлекеттик гербди талдоого арналып, депутаттар сунуш кылынган 5 долбоордун тегерегинде талкуу жүргүзүшкөн.
Сунуш кылынган долбоорлор адегенде атайын түзүлгөн комиссиялардын элегинен өткөн. Долбоор эскиздерине шарттуу ураан берилип, алардын авторлору комиссия мүчөлөрү үчүн беймаалым калган. Жогорку Кеңештин жыйынында "Нур" урааны менен катышкан долбоор жактырылып, ал Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Герби катары кабыл алынган.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гербинин авторлору - Нарын балдар искусство мектебинин директору Асейин Абдраев менен Нарын ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Садырбек Дубанаев.
14-январга карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан