Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, ырчы Дилшат Кангелдиеванын "Түндүк электр" ишканасына нааразы экендиги маалымдалган. Бул боюнча бүгүн, 14-январда аталган ишкана түшүндүрмө берди.
"Түндүк электрдин" маалымат кызматы кабарлагандай, ырчы айымдын нааразычылыгы жөнсүз.
"Дилшат Кангелдиева Сокулук районундагы Ак-Жол айылындагы үйүнөн өткөн жылдын октябрь айында көчүп кеткенин айткан. Бирок биздин маалымат боюнча, ал даректе 20-ноябрга чейин электр энергиясы пайдаланылганы тууралуу сигнал келип турган.
Дүмүрчөктөгү 3471 сом ошол 20 күндө колдонулган электр энергиянын акчасы. Аны убагында төлөбөй 510 сом 39 тыйын туум өсүп, 3982 сом чыккан. Мындан тышкары Кангелдиеванын “Негизи буга чейин күмөн санаган учурларым көп болду. Кээде 3 айга 60 миң сом чыгып кетчү" деген билдирүүлөрү боюнча атайын бардык дүмүрчөктөрдү текшерип көрдүк. Ырчы жашаган дарек боюнча акыркы 8 жылды текшергенде кышкысын орто эсеп менен 10 миң, 12 миң сомдун тегерегиндеги эле сумманы төлөптүр.
Күмөн санаган дагы башка эсеп дүмүрчөктөрү болсо бизге алып келсе болот. Биз териштирүүгө даярбыз. 60 миң сом төлөнгөн эсеп дүмүрчөк табылган жок.
Ал эми сөз болуп жаткан эсеп дүмүрчөктө декабрь айына электр энергиясы пайдаланылбаганы көрсөтүлгөн. Келип чыккан сумма ноябрда коротулган электр энергиясы үчүн төлөнбөгөндүктөн кайра жазылып жөнөтүлгөн", - деп айтылат ишкананын маалыматында.
Ошондой эле "Түндүк электр" ишканасы жарандарга пайдаланылган электр энергиясы үчүн төлөмдү өз убагында жүргүзүп туруу керек экендигин эскертет.