Ак Үйдүн алдына барып түкүргөн Рамис Закирияев айып пулун төлөй элек

Ак Үйдүн алдына барып түкүргөн Рамис Закирияев айып пулун төлөй элек. Акчасы дале даяр турганын Закирияев SUPER.KG'ге 14-январда кабарлады.

Ал 5-январда Ак Үйдүн алдына барып түкүрүп, видеосун интернетке чыгарган. 8-январда Тоң районундагы үйүнөн Биринчи Май райондук милиция кызматкерлери тарабынан Бишкекке алынып келген. Бишкекке келген учурда SUPER.KG'ге эмне себептен Ак Үй алдына барып түкүргөнүн жана салынган айып пулун төлөгөн соң Ак Үйдүн алдына барып жалпы элден кечирим сурай турганын айткан.

"Биринчи Май райондук администрациясы "жакында комиссия түзүлөт, келип суроолорго жооп бересиз, андан кийин чыгарылган токтомдун негизинде айыпты төлөп кетесиз" дешкен. Азыркыга чейин эч ким телефон чалып чакыра элек. Чакырышса барып айып пулду төлөп берүүгө даярмын, акчам да даяр турат", - деди Закирияев.

Көчөдө түкүргөндөргө айып пул салуу боюнча Биринчи Май райондук администрациясына буга чейин кайрылганыбызда райондогу Транспорт, курулуш жана коммуналдык чарба боюнча бөлүмдүн башчысы Дамир Абдиев түкүргөндөргө айып пул салууну биринчи жолу угуп жатканын айткан. Анын белгилешинче, жаңы кодекстер күчүнө киргени менен материалдар райондук администрацияга бериле элек болгон.

1-январда "Эреже бузуу жөнүндө" кодекс күчүнө кирген. Ага ылайык, коомдук жайларда түкүргөн жеке жактарга 5 миң 500 сом, юридикалык жактарга 17 миң сом айып пул салынат.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
zhaku2017
2019-01-14 13:16:27
Жаман оюнда элге акылдуу корунгусу келген го бул жигит.
0
Rifle_I
2019-01-14 13:37:49
Бул жигиттин жоругун мындай түшүндүм.

30 жылдан бери элдин мойнуна отуруп алып , каалаганын кылып, бюджетти жеп, коррупцияга мойнубуздан тыгып, карызга отургузуп, адилетсиз бийликти жараткан саятсатчыларга түкүрдү деп билем.
+9
Take_men
2019-01-14 19:17:56
Rifle_I, баарыбыз эле ушундай түшүндүк. Бир жагынан туура эле кылды. Бирок түкүрүк баатыр деген аты калды
+2
Flowhive
2019-01-14 21:09:15
Жакшы акылдуу жигит экен.
+1
kapchygai
2019-01-15 01:00:17
тукурук баатыр туура эмес жасаганын мойнуна алып кыргыз элинен кечикпей кечирим суроо керек!Ак уй кыргыз элинин эн сый жери Президент депутаттар келет кетет Ак уйубуз калат ошол уйубузго тукургон адат жакшы эмес Кандай жаман мамлекет болсун кандай жаман уйун болсун тукургонго жол бербейм!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан