Бүгүн, 15-январда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйыны өтөт. Анда Кыргыз мамлекетиндеги авиакомпанияларга жеңилдиктерди түзүү зарылдыгы тууралуу маселе каралат. Бул тууралуу парламенттин расмий сайтына жарыяланды.
Демилгечилер аталган тармактык комитеттин депутаттары. Баяндаманы Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев жасайт.
Мындан тышкары "Эйр Кыргызстан" авиакомпаниясындагы абал тууралуу маселе да талкууланат.