Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин 14-январдагы жыйынында "Бюджеттик кодекстерге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралды. Анда мамлекеттик карыздын деңгээлинде ички дүң продукциянын 70 пайызын белгилөө сунушталды.
Финансы министри Бактыгүл Жээнбаеванын айтымында, бул долбоор менен сунушталып жаткан өзгөртүүлөр мамлекеттик башкаруу тармагындагы бюджет тартыштыгы менен мамлекеттик карыздын өлчөмүн так чектөөгө багытталган.
"Бюджеттик жыл үчүн мамлекеттик башкаруу тармагынын бюджетинин тартыштыгы ички дүң өнүмдүн 3 пайызынан ашпоого тийиш, ал эми мамлекеттик карыздын көлөмүн ички дүң өнүмдүн 70 пайызынан ашпашы керек", - деди ал.
Бир катар депутаттар Кыгыз мамлекетинин тышкы карызынын азыркы абалына, анын ичинде эл аралык каржы уюмдарынын карызынын учурдагы көлөмүнө кызыгышты. Эл өкүлдөрүнүн арасында мындай демилгеге макул болбогондор да бар. Алардын бири депутат Гүлшат Асылбаева тышкы карызды 70 пайызга чыгаруу туура эмес экенин билдирди.
"Биз 65 пайыз болсун дегенбиз, аны 70 пайызга чыгаруу туура эмес. Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен сүйлөшкөндө алар дагы абдан тобокелчиликтер бар деген", - деди эл өкүлү .
Карыздын көлөмү аталган чектен ашып кетсе, финансы министри жоопкерчиликти өзүнө аларын билдирди.
Мындан тышкары мыйзамдын күчүнө кирүү датасы катары 2020-жылдын 1-январын белгилөө сунушталды.