2 кулагы тубаса укпаган Арнелдин өсүүсү эгизинен бир топ артта калууда

1 жаш 2 айлык Арнель жарык дүйнөгө келгенден бери айлана-тегеректеги дабыштарды уга элек. Демейде, балдар 2-3 айынан тартып апасынын үнүнө реакция кыла баштайт. Бирок Арнелдин азыр андай мүмкүнчүлүгү жок. Баласынын өсүүсү, ага бул илдеттин тоскоолдугун айтып SUPER.KG порталына Айтурган Сыргабек кызы кайрылды. Жаш эне жаңы гана жарык дүйнө менен тааныша баштаган Арнель бул өмүрдү толук кандуу саламаттыкта жашайт деп үмүттөнөт.

"Негизи биз Токмок шаарында жашачубуз, кош бойлуулуктун 5-айында бойдон түшүп калуу коркунучу жаралып, Бишкекке келип баланы сактап калуу үчүн төрөтканага жаттым. Ошентип дарыгерлердин жардамы менен 7 айга жетип эгиз төрөдүм.

Эгиздеримдин биринин өсүүсү жакшы болуп, кадимкидей чоңоюп жатты, экинчисинин өсүүсү начар болуп, бутуна да тура албай, алсыз болуп жатканда Бишкектеги Эне жана баланы коргоо борборуна келдик. Ал жерден баламды балдардын церебралдык шал оорусунун жеңил түрү менен жабыркай тургандыгын жана 2 кулагы тең тубаса такыр укпай тургандыгын айтышты. Ошол күндөн тартып кайгы менен кошо алдыда жакшылык болот деген үмүт менен жашап келе жатам", - дейт Кыязова.

Айтымында, дарыгерлер Арнелге операция жасатуу менен угуусун жөнгө салса болорун билдиришкен. Операция - кохлеардык имплантатты кулакка орнотуу менен жүргүзүлөт. Кохлеардык имплантат - угуусу такыр жок же начар болгон айрым бейтаптарга ал мүмкүнчүлүктү кайтаруучу медициналык протез.

"Бирок мындай аппарат биздин өлкөдө жок экен. Дарыгерлер Түркияда бар экенин айтышты, биз Түркиядагы бейтапканалардын бирине кезекке туруп койдук. Бирок ага жалпы 30 миң евро керектелет экен. 4 айдан бери кандай аракет кылсак да ал каражатты таба албай башыбыз катты. Эми балам үчүн кайрымдуу адамдардан жардам сурап, кайрылып отурам. Кулагы угуп калса өсүүсү да калыбына келет эле, ал эми балдардын церебралдык шал оорусун дарыгерлер бул жактан түрдүү ыкмалар менен айыктырууга мүмкүн экенин айтышат. Анткени Арнель бул илдеттин жеңил түрү менен эле жабыркайт", - дейт эне.

Ошондой эле ал Арнелдин түгөйү азыр басып, "ата", "апа" деген жана башка сөздөрдү айтып, сүйлөй баштаганын айтат. Ал эми Арнель такыр добушту укпагандыктан бир да сөздү сүйлөй албайт. Түнкүсүн чочуп ойгоно бергендиктен тынч уктаган күндөрү аз. Атасы Бишкектеги мончолордун биринде иштейт, эгиздерден улуу дагы бир баласы бар.

Арнелге жардам берүүнү каалагандар үчүн апасы Айтурган Сыргабек кызынын Элсом жана байланыш номери 0777-55-16-56. Орусиядагы мекендештер үчүн. Сберкарта: 6762803884752157598929-572-35-07 номерине байланган, Кыязова Таңсулуу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан