Жаңы кодекстердин аткарылышы тууралуу маалымат жыйында ички иштер министри Кашкар Жунушалиев SUPER.KG порталынын суроосуна жооп берип жатып "премьер-министр рейд жүргүзүү боюнча тапшырма берген", - деди.
Министр кодекстер боюнча жарандарга түшүндүрүү иштери жеткиликтүү деңгээлде жүргүзүлүп жатат дейт.
"Жер-жерлерде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Ооба, өкмөт башчы кызматкерлерибизге рейд жүргүзүү боюнча тапшырма берген. Учурда иштерин жүргүзүп жатышат. Коопсуздук кызматы, прокуратура, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы иш алып барууда. Жыйынтыга азырынча чыгарыла элек", - деди Жунушалиев.
Өкмөт өкүлдөрү 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген жаңы кодекстер тууралуу түшүндүрмө берип, алардын аткарылышы жөнүндө маалымат берип жатышат.