"Коопсуздук курун тагынбаган айдоочулардын баарына 1000 сомдон айып пул салган туура" дейт Жеңиш Разаков

Коопсуздук курун такпаган айдоочулардын баарына 1000 сомдон айып салыш керек. Мындай пикирин вице-премьер-министр Жеңиш Разаков 15-январдагы маалымат жыйынында билдирди.

"Азыр шаар ичинде коопсуздук курун такпагандарга миң сом айып салынат. Ал эми шаардын сыртында болсо 3 миң сом айып салынат экен. Менимче, бул туура эмес. Шаар болобу, шаардын сыртында болобу коопсуздук курун такпагандарга миң сомдон айып пул салынышы керек. Учурда жол кырсыктары азайды. Бирок азыркы күндө статистиканы айтууга эрте", - деди Разаков.

Өкмөт өкүлдөрү 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген жаңы кодекстер тууралуу түшүндүрмө берип, алардын аткарылышы жөнүндө маалымат берип жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
saparu
2019-01-15 12:48:31
Мас айдоочунун штрафынан башкасын баарысын азайтыш керек
+3
Rifle_I
2019-01-15 16:33:06
Жолдогу чийилбеген жерлер үчүн , ар бир чуңкурлар үчүн , атайын белгилер орнотулбаган үчүн да жепжутарларга айып пул салыныщ керек.
Кудайдан сурап дуба кылыш керек туугандар "ушул жепжутарлар тез арада ХХХХХ болуп, ХХХХ.бай калышса экен" деп.
0
adiaza
2019-01-15 18:11:48
Rifle_I, туура айттын биринчи жолдорду ондоп алып штрафтарды кобойтсо болмок, кытайдын карызынан кутула албай айлалары кетип атат элдердин акчасы менен кутулуунун амалы да, креслолорго отуруп алып жеп коюп элдердин акчасын тонобой кайдагы служебная машиналарды обсуждения кылып отурушат озулорунун кызыкчылыгы учун
+1
Azatbek.Svoboda.
2019-01-15 20:08:26
Озунорго иштейби ошол мыйзамынар деген адам жок!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан