Ош облусунда катуу шамалдын кесепетинен кар күрткүсү пайда болуп, бир нече ички чарбалык жолдор жабылды

Ош облусунда катуу шамалдын кесепетинен кар күрткүсү пайда болуп, бир нече ички чарбалык жолдор жабылды. Бул тууралуу 15-январда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айыл аймагында 14-январь күнү саат 11:30дан тартып болгон катуу шамалдын кесепетинен Ылай-Талаа-Шаркыратма ички чарбалык унаа жолунун айрым жерлеринде кар күркүткүсү пайда болгон. Ошого байланыштуу айыл аймак башчысынын оозеки буйругунун негизинде унаа жол жабылган.

Ошондой эле Кара-Суу районунун Мады айыл аймагында 14-январда саат 12:30дан тартып катуу шамал болгон. Анын кесепетинен Бек-Жар-Кичи-Тээке ички чарбалык унаа жолунун айрым жерлеринде кар күркүткүсү пайда болгондугуна байланыштуу айыл аймак башчысынын оозеки буйругунун негизинде унаа жол жабылган.

Жолдорду кар күрткүсүнөн тазалоо иш-чаралары бүгүн, 15-январда саат 10:30да башталганы маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
murgab2014
2019-01-15 20:38:23
Алай районунун Таджикистан менен байланыштырган Бор-Добо жолдору да жабылган
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан