Ушул жылдын 16-январынан 18-январына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкүсү жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда ӨКМнын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматта жазылгандай, Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашууда, Ала-Бел ашуусунда, Чычкан капчыгайында, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун Чапчыма ашуусунда, Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун тоолуу тилкелеринде жана Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун тоолуу бөлүктөрүндө кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү жүрүшү мүмкүн.
Жогоруда көрсөтүлгөн күндөр аралыгында жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл экендиги жазылат маалыматта.