Чүйдө 15 жашар кыз көз жарды. Баланын атасы башка өлкөгө кетип калган

Ысык-Ата райондук ооруканасынын дарыгери маалымдаган 15 жаштагы кыздын көз жарышы боюнча маалыматты Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы тастыктап, окуя боюнча маалымат берди. Ага караганда, жашы жете элек кыз 11-январь күнү көз жарган. Маалыматта белгилүү болгондой, 2003-жылы туулган кыз Канттагы төрөтканада эркек төрөп, үйүнө чыгарылган.

"Ысык-Ата РИИБинин жашы жете электер менен иштөө инспекциясы тарабынан жогорудагы маалымат иликтенди. Анда жашы жете элек кыз менен жыныстык катнашта болуу фактысы аныкталган. 2003-жылы туулган кыз аймактык оорукананын төрөт бөлүмүндө көз жарган. Ал Ысык-Ата районунун тургуну болот. Аталган факт боюнча жаш эненин апасы жана анын катышуусунда кыз өзү да суракка алынган. Анда маалым болгондой, 16 жашка толо элек кыз Ф. аттуу жаран менен таанышып, 2018-жылдын апрель айынан тарта белгисиз бир мөөнөт ичинде бирге жашап, жыныстык байланышта болуп жүрүшкөн. Мындан соң Ф. башка өлкөгө иштеп келгени кеткен. Ал кеткенден кийин кыздын кош бойлуу экени билинген.

Аталган факт кылмыштар боюнча бирдиктүү реестрге каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (16 жашка чыга элек, жашы жете элек адам менен жыныстык катнашка баруу) боюнча кылмыш иши козголду", - деп билдирет Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы.

Аталган факт боюнча экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
gulmira12345
2019-01-15 18:45:55
Ф аттуу жаран келип баланы бак
+26
Beka1986
2019-01-15 18:52:14
Эй,Ф,сага п экен
+25
Beka1986
2019-01-15 18:52:32
Каяктасын ф
+24
Takesha87
2019-01-15 18:54:07
Ф- ФИЛИП, Ф- ФАРХАТ и т. д.
+11
Beka1986
2019-01-15 19:04:00
Takesha87,кыскасы кыргыз эмесда
+10
asdef
2019-01-16 01:02:10
Же Федор
+11
titanik32
2019-01-15 19:45:00
Ф уяты жок неме экенсин.Жок дегенде кошулаарда П колдонбойт белең.Эми сен кайсыл шаарга кеткениңди билебиз аты жөнүң да Ф эле экен бир тамга болуп.Жок дененде үч тамга болгондо да табат элек.Эми сен колго түшсөң сени С кылышат көрөсүң.
+58
Mikra
2019-01-15 22:22:33
titanik32,жардынгоооо хаха хасынго
+8
kubina
2019-01-16 16:46:56
titanik32,укмушсузго))

0
Missing-u
2019-01-15 22:13:56
Ии деп боорум ооруп окуп бутсом,комменттер кайра кулдуруп салды)))))
+18
miss2014
2019-01-16 02:12:56
Жардынар го, тообо
+6
Umakg
2019-01-16 08:17:29
Мындай нерседен кудай сактасын баарыбыз да бала чака бар тооба
+5
tular
2019-01-16 08:55:53
Кудай сакта!!! Кыздын ата-энеси эмнени карап журду болду экен...
+2
Aidar.001
2019-01-16 11:32:59
Ф , К, А, М, Т, Б, С ушулар да куноолу болуп чыгат экспертиза кылса. Ф атасы биринчи болсо керек
+2
Nurmat92
2019-01-16 13:13:12
Эй Ф сенин баландын атын Х койдук келип бак. Же болбосо Х чонойсо сени П кылат сыйын менен кел.
+3
Nuri1988Elim2010
2019-01-16 13:56:38
Комментарийлердида окшотосуздарда
0
Gulnyr19
2019-01-16 17:38:37
Жаңылык окуп бүтө элек комент окуганга шашасыңда
+1
Kymbatym
2019-01-16 20:45:31
комментарийлерди окуп жыргап калдым го
0
cholpon119966
2019-01-17 09:26:41
Соттолсо точно п кылышат муну...так что келип тез уйлонуп ийсин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан